"Дуру-муру". Депутаттар баңгизат, электрондук тамекилер боюнча тынчсыздануусун билдиришти
RU

"Дуру-муру". Депутаттар баңгизат, электрондук тамекилер боюнча тынчсыздануусун билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында айрым депутаттар баңги жана психотроптук заттардын жайылышы боюнча маселени көтөрүштү.

Шайлообек Атазов Кыргызстандын келечек муундарына тынчсыздануусун билдирип: "Окуучуларды электрондук тамеки жана ар кандай "дуру-муру" менен жок кылганы калышты. Билим берүү министрлиги менен ИИМ ушул боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатышканын айтпайбы, качан гана интернетке чыкканда карабай", - деди.

Депутат Таалайбек Масабиров кесиптешин колдоду. "Мектептин жанынан өтүп баратсаң 4-5-класстын окуучулары бири-бири менен кимдики, кандай стик деп талашып жатканын көрөсүң. Баңги каражаттары, электрондук тамекилер, энергетикалык суусундуктар тууралуу жаштар Telegram-каналдан билишет. TikTok боюнча да айтайын, жакшы да, жаман дагы жагы бар. Санариптик өнүктүрүү министрлиги негативдүү маалыматтарга бөгөт коюшу керек", - деп билдирди.

Ал эми Марлен Маматалиев чуу жараткан "Принцесса Дуриге" токтолуп, бул баңги каражаттарын жайылтуунун бир эле тарабы экенин белгиледи.

"Бул акыркы учурда кеңири жайылган нерсе. Мектептерде атайын баңги момпосуйлары, атайын клей да сатылат. 8-мартта балдар кыздарга электрондук тамеки беришкен. Мындай учурлар көп. Тармактык комитетке чара көрүү боюнча тапшырма берүүнү суранам", - деди.

Эске салсак, баңги каражаттарын саткан "Принцесса Дури" интернет-дүкөнүн уюштурган топтун мүчөлөрү 4-апрелде кармалышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11367