"Тормоз" деген үнү кулагыма угулду". Аварияда каза тапкан жигиттин апасы кайрылуу жасады
RU

"Тормоз" деген үнү кулагыма угулду". Аварияда каза тапкан жигиттин апасы кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg редакциясына жол кырсыгында каза тапкан жигиттин жакындары кайрылып, укук коргоо кызматкерлеринин ишине нааразычылыгын билдиришти. Алар тергөөгө канааттанбай жатканын айтышып, президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, бул ишти жеке көзөмөлдөрүнө алуусун суранышты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 4-майында таңга маал Бишкектин Ибраимов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы Элимжан Джапаров каза тапкан. Маркум жигиттин аталаш агасы Темирлан Джапаров каргаша тууралуу буларды айтты.

Абайлаңыз, сүрөт!
Жабуу

"Кырсык катталгандан бери 1 ай өттү. Бүгүнкү күндө жол кырсыгын жараткандар тиешелүү жаза алышкан жок. Мындан улам сиздерге кайрылып жатабыз. Тергөө кызматы адилет чечим чыгаруу үчүн тиешелүү чараларды көрбөй жатат.

Бул жол кырсыгы Ибраимов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Менин иним жүргүнчүлөрдүн орундугунда бара жаткан. BMW унаасынын айдоочусунда ошол учурда айдоочулук күбөлүк болгон эмес. Анткени, анын бир нече жол кырсыктарына тиешеси бар болгондуктан соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган.

Авариянын экинчи катышуучусу - Hyundai Elantra унаасынын айдоочусу. Ал унааны мас абалда башкарып бара жатканы тастыкталган. Ошондой эле жол чыракта кызыл күйүп турганда өтүп кеткен. Кырсык болгондон 1 ай өткөндөн кийин гана Hyundai Elantra`нын айдоочусу (июнь айынын башында) кармалды. Бирок шектүү шаардык сотко арызданып, азыркы тапта сот шектүүнү үй камагына чыгаруу аракетин көрүп жатыптыр деп уктук.

Ал эми менин иним отурган унаанын айдоочусу эркиндикте жүрөт. Ага эч кандай чара көрүлгөн жок. Мындан улам биз бийликтин жогорку өкүлдөрүнө кайрылабыз. Тагыраагы, президент Садыр Жапаровго жана УКМкнын төрагасы Камчыбек Ташиевге бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, биздин акыйкат чечимге жетүүбүзгө жардам берүүсүн суранабыз", - дейт Джапаров.

Уулунан айрылган Назира Абасканова эки айдоочунун тең күнөөсү бар деп эсептейт. Мындан улам алар BMW унаасынын айдоочусуна карата да арыз жазышкан.

"Элимжан экинчи уулум. Силер аркылуу өзүмдүн көйгөйүмдү айтканга мажбур болдум. 4-майда таңкы саат 05:12де уулума тааныш баласы келип, чакырып кеткени короодогу камерага жазылып калган. Элимжан таанышынын унаасына отуруп кеткен. Мен ал убакта Талас шаарында болчумун. Алар Кулатов/Горький көчөлөрүнөн унаага бензин куюшуптур. Ошол жерден башка унаа менен жарышып, катуу ылдамдыкта бара жатканда мас айдоочу менен сүзүшүп кеткен. Кырсыктан жүргүнчү катары бара жаткан уулум каза болду.

"Балаңыз айдоочулук күбөлүгү жок кишинин унаасына эмнеге отурат?" деп жатышат. Элимжанга ал таанышы кээде телефон чалып "жумуштарым бар, унааны айдап берчи" деп калчу. Каргаша болгон күнү да ошондой себеп менен келсе керек. Бирок рулду уулума берген эмес. Эмнеге айдоочулук күбөлүгү жок экенин билип туруп жарышты? Ибраимов көчөсү жарыш үчүн көчө эмес да.

Балабызды жерге беребиз деп атасы экөөбүз Таласта жүрө бердик. Бул убакыт аралыгында эч кандай иш жүргөн эмес. Биз кош бойлуу кызыбызды жөнөтүп, арыз жаз дедик. Кызым BMW`нын айдоочусуна карата арыз жазганы барса тергөөчү "ал балага да жазасыңарбы?" деп таң калыптыр. Биз бул жерде эки айдоочунун тең күнөөсү бар деп эсептейбиз", - дейт ал.

Назира Абасканова тергөөчү ишти тиешелүү деңгээлде алып барбагандыктан улам бир айдоочу июнь айында кармалса, экинчиси эркин эле жүрөт деген пикирин кошумчалады.

"Жолдошум кырсыкка учураган BMW унаасын көрүп келип андан аман калыш мүмкүн эмес экенин айтты. Уулум оң капталы менен урунуптур, башы, колу, буту сынган. Каршылаш келе жаткан унааны көргөндө айдоочу тарапка качкан окшойт, эки далысы тең сынып кетиптир. Ал эми айдоочунун баш мээси жеңил чайкалыптыр. Hyundai Elantra`нын айдоочусунун жаагы сынган. Азыр алар аман-эсен, менин балам жок.

Биз BMW`нын айдоочусунан кандай ылдамдыкта келе жатканын сурасак, жай эле келе жатканын айтты.

Тергөөчүгө камералардын баарын карап, BMW`нын кандай ылдамдыкта келе жатканын эмнеге изилдеген жоксуңар, окуяга күбө болгондор бар экен, эмнеге алардан сураган жоксуңар десек "ошонун баарын мага алып келип бергиле, видеолорду жаздырып келгиле, менин ишим жакпай жатса башка тергөөчүгө алмаштыргыла" дей берди.

Далилдерди чогултуу, изилдөө, териштирүү тергөөчүнүн иши да. Кылмыш ишти башка тергөөчүгө өткөргөндө деле кепилдик жок да. Биз убакыттан уттуруп калабыз", - дейт.

Ата-энени бала менен сынабасын деген Назира айым өлкө жетекчилиине, ИИМдин башчысына кайрылды.

"Үйүбүздө эртең менен балдардын күлкүсүнөн ойгончубуз. Эми болсо ый менен ойгонуп, куран окуу менен башталат. "Эмнеге Садыр Жапаровго айтасыңар, эмнеге Камчыбек Ташиевге айтасыңар? Кичинекей ишти деле айта бересиңерби?" дегендер бар. Бирөөлөр үчүн кичинекей иш болсо, менин тоодой балам каза болуп жатат.

Тергөөчүлөр убагында иш алып барбай, кечигип жаткандыктан бул иш каралбай калып калбасын деп айла жоктон кайрылып жатам.

Балам менен эне катары коштошо элекмин. Мүрзөсүнө барганда айтып берер эч нерсем жок. Эки күн кулагыма уулумдун "тормоз, тормоз" деген үнү угулду. Бул менин баламдын акыркы сөзү болгон окшойт", - деген каарманыбыздын көзүнөн жашы куюлду.

Темирлан Джапаров BMW`нын айдоочусу учурда унаасына келтирилген зыянды толтуруу үчүн аракет кылып жатат деп кошумчалады.

"BMW унаасынын айдоочусу учурда берки унаанын айдоочусуна күнөө коюп жатат. Ал өзүн жабырлануучу тарап деп көрсөтүүгө аракет кылып, унаасына келтирилген зыянды төлөтүп алууну көздөөдө", - дейт.

Ички иштер министрлигинин комментарийи

Жабырлануучу тараптын кайрылуусуна ИИМден жооп берип, анда республикадагы бардык кылмыш иштер жана окуялар министрдин көзөмөлүндө экени айтылат.

"Бул жол кырсыгы боюнча Свердлов райондук сотунун чечими менен айыпталуучу К.А`ны тергөө аяктаганга чейин СИЗОго камакка алуу чечими чыккан. Ал эми BMW унаасынын айдоочусунун аракетине юридикалык баа берүү үчүн комплекстүү соттук видеотехникалык, автотехникалык, трасологиялык экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгы менен Жазык-процесстик кодексинин нормаларына ылайык чечим чыгарылат", - дешет ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16381