Ош, Жалал-Абад шаарларында транспорт менен жүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү
RU

Ош, Жалал-Абад шаарларында транспорт менен жүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кикшеринг же самокаттарды кыска мөөнөткө ижарага алуу - Кыргызстанда барган сайын популярдуу болууда. Эми Ош жана Жалал-Абад шаарларынын тургундары микро мобилдүүлүктүн баардык артыкчылыктарынан пайдалана алышат.

SunRent самокаттары тыгындардан буйтап өтүп, каалаган жерге ыкчам жетүүгө эң сонун мүмкүнчүлүктү түзөт.

Мобилдик тиркеменинин жардамы аркылуу каалоочулар оңой эле жакынкы аралыктагы самокаттарды таап, аны ижарага алып, бир нече секунддун ичинде сапарга чыга алышат. Бул өзгөчө убактысын баалаган, көпкө чейин тыгында күтүп турууну каалабагандар үчүн ыңгайлуу.

Кикшерингдин негизги артыкчылыктарынын бири - экологияга зыяны жокко эсе. SunRent электр самокаттары аккумулятор менен иштейт, бул унааларга салыштырмалуу көмүртектин бөлүнүп чыгышын бир топ азайтат.

SunRent кикшеринги көптөгөн артыкчылыктарга ээ:

  • Самокаттарды ижарага алуу жеке унаа же такси колдонууга караганда алда канча арзан.
  • Самокаттар маневр жасап, буйтап өтүүгө ыңгайлуу болгондуктан шаар ичинде тез жүрүүгө мүмкүндүк берет.
  • Самокаттарды колдонуу активдүү жашоо образын жана физикалык даярдыкты жакшыртат.
  • SunRent өзүнүн тармактарын Ош жана Жалал-Абад шаарларынын ар кайсы аймактарында кеңири жайылтат.
  • Эң жөнөкөй колдонмо самокаттарды ижарага алуу процессин тездетип, оңой кылат.

SunRent`ке кошулуңуз жана мобилдүүлүктүн жаңы деңгээлине чыгыңыз!

Бирок эсиңизге алыңыз!

Самокаттарды пайдаланууга 18 жаштан баштап уруксат берилет. Бул каражат менен жол кыймылынын башка катышуучуларын урматтап, атайын жолдор менен же тротуардын четинде жүрүү талапка ылайык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16353