Кыргызстандык ишкерлер Ozon`дун буйрутма пунктун ачууда кантип акча таба алышат?
RU

Кыргызстандык ишкерлер Ozon`дун буйрутма пунктун ачууда кантип акча таба алышат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буйрутмаларды берүү пунктун ачуу – бул жөнөкөй жана текшерилген бизнес, олуттуу инвестиция жумшабастан эле кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгү. Анын үстүнө Кыргызстанда маркетплейстердин популярдуулугу өсүп, суроо-талап өтө жогору болуп жатат, ал эми Ozon"дун статистикасы көрсөткөндөй, 10 кардардын 8и буйрутмаларын дал ушундай жерлерден алып кеткенди туура көрүшөт. Аянтчанын келечектеги франчайзи эмнелерди эске алышы керектиги тууралуу кеп кылалы.

Ozon"дун өнөктөштөрү маркетплейс менен бирге өнүгүшөт. Алсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча аянтчанын жүгүртүүсү жалпысынан 111 пайызга өскөн. Компания сактоочу жайларды 87 пайызга көбөйттү. Буйрутмалардын саны эки эсе өстү.

Буйрутмаларды берүү пункттары кандай ролду ойноп жатышат?

Ozon кайсы гана өлкөгө келбесин, өзүнүн логистикалык тармагын өнүктүрүүгө аракет кылат - кампаларды жана сорттоочу борборлорду курат, улуттук почта оператору жана курьердик кызматтар менен кызматташуу жөнүндө макулдашат. Аянтчанын жүзү – буйрутмаларды берүү пункттары. Алардын бардыгы бир график менен иштешет – саат 09:00дөн 21:00гө чейин, баарында көзгө дароо илинген көрнөктөр бар, бирок алардын башкы артыкчылыгы - адамдар, маркетплейстин өнөктөштөрү.

Ozon жергиликтүү ишкерлерди колдоого аракет кылып келет. Багыттардын бири – буйрутмаларды берүү пункттарынын ачылышынан акча табуу мүмкүнчүлүгү. Компания үчүн кызматташтыктын мындай схемасы абдан пайдалуу, себеби картада мындай пункттар канчалык көп болсо, сатып алуучулар ошончолук көбүрөөк болот. Дал ошондуктан аянтча өнөктөштөргө өзү төлөйт –буйрутмаларды берүү пункту ишке киргенден кийин алгачкы жарым жылда өнөктөштөр 280 000 сомго чейин кепилденген колдоо ала алышат. Бул каражат пунктту таанытып, тезирээк өзүнө-өзү актоого шарт түзөт.

Ozon"дун буйрутмаларды берүү пунктун ачуу үчүн эмнелер керек?

Ушул тапта Кыргызстанда Ozon"дун буйрутмаларды берүү пункттарынын саны тездик менен көбөйүп жатат, бирок картада бош орундар дагы эле көп, ошондуктан ар бир адамда аянтча менен өз ишин баштоого мүмкүнчүлүгү бар.

Биринчи кадам – сайтта же тиркемеде өтүнмө берүү. Бул үчүн жеке ишкер же юридикалык жак статусу болушу керек, мунун баары Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик кызматтарында оңой эле катталат. Реквизиттерди толтуруп чыккандан кийин багыт берүүчү картага кирүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Картада ыктымалдуу локациялар белгиленген жана ар бир дарек боюнча келечектеги кирешенин болжолдуу эсеби чыгат.

Пункт үчүн жайды тандоо – өзөктүк маселе. Келечектеги киреше ошондон көз каранды болот. Ал 25 чарчы метрден башталып, биринчи кабатта жайгашып, өзүнчө кире бериши болуп, трафикти түзүүчү объектилердин жанында орун алууга тийиш. Мисалы, соода же кеңсе борборунун же университеттин жанында болгону жакшы. Ошондо кардарга буйрутмасын үйгө, окууга же жумушка бара жатканда алып кетүү ыңгайлуу болот.

Берилген буйрутмалардын көлөмү канчалык көп болсо, ишкер ошончолук көбүрөөк пайда табат, себеби анын негизги кирешеси – жүгүртүүдөн алынган пайыз. Ошол эле учурда пункт ири шаарда же 10 миңге чейин адам жашаган чакан айылда орун алганы маанилүү эмес. Ozon берген кепилденген колдоо жана жүгүртүүдөн түшкөн чегерүүлөр бирдей эле болот.

Ал эми көрнөктү беришеби?

Пункт үчүн жай табылгандан кийин Ozon менен агенттик келишимге, менчик ээси менен ижара келишимине кол коюлат. Эми косметикалык ремонтту жасай баштаса болот. Аянтчанын брендбугу бар, ал жерде эмнелер кайсы жерде турушу керектиги көрсөтүлгөн. Бардык маселелерди аймактык менеджер менен талкууласа болот. Маркетплейс өзүнүн өнөктөштөрүнө көрнөк-жарнактарды жана таратма материалдарды толугу менен акысыз берет.

Орточо алганда, буйрутмаларды берүү пунктунун ачылышына эки жумага жакын убакыт кетет. Бул убакыттын ичинде дубалдарды сырдап, кызматкерлерди таап, аларды окутса болот – мында да Ozon жардамга келет. Эмеректердин жана жабдуулардын ичинен администратордун үстөлү, буйрутмаларды текшерүү үчүн бөлмөлөр, компьютер же ноутбук, штрих-коддордун сканери жана принтер жетиштүү.

Мунун баарын жасагандан кийин пунктту ачып, буйрутмаларды бере баштасаңыз болот. Кардарларга алардын жанында жаңы пункт ачылганын Ozon өзү кабарлайт, мындан тышкары, пункт бардык карталарда белгиленет. Жаңы ачылып жатканда кошумча жарнама өтө керек болот, мына ушундай учурда Ozon берген кепилденген колдоо жардамга келет.

Кошумча киреше алуу үчүн мүмкүнчүлүктөр

Ozon"дун буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлеринин негизги кирешеси – жүгүртүүдөн чегерүүлөр. Берилген буйрутмалар үчүн алар ай сайын 3,7% алышат.

Муну менен эле чектелип калбай, сатуучулардан товарларын кабыл алып, башка логистикалык компаниялардын буйрутмаларын жеткирип да кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Эгерде ишти баштасаңыз, анда жай – эң ылайыктуу мезгил!

Август айында Ozon"до соода кызыган мезгил башталат. Себеби, сатып алуучулар жаңы окуу жылына даярдана башташат, андан кийин түшүм жыйноо мезгили келет, андан соң "Берекелүү жума" (Black Friday) жана Дүйнөлүк шоппинг башталат, көздү ачып-жумганча Жаңы жыл да жакындап калат.

Буйрутмалардын көлөмү кескин көбөйөт, ал эми аны менен кошо буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлеринин кирешеси да өсөт. Ошондуктан, мындай бизнести жай мезгилинде баштаган туура болот – адамдар жаңы пункт жөнүндө билип, ага көнө башташы керек. Толук маалымат алып, өтүнмөнү жиберүү үчүн сайтка кириңиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16379