Канткенде өспүрүм конфликтти жөнгө салып, аны башкарууга үйрөнө алат?
RU

Канткенде өспүрүм конфликтти жөнгө салып, аны башкарууга үйрөнө алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Психологияда конфликт эки же андан көп тараптардын ортосунда макулдашуунун жоктугу катары аныкталат. Инсандар аралык конфликтте тараптар катары болуп жеке адамдар же топтор саналса, инсандын ичиндеги конфликтте - бир субъекттин мамилеси, баалуулуктары, идеялары саналат. Социалдык чөйрөдөгү конфликт ​​тараптардын талаш-тартыштары, алардын таламдары менен максаттарынын карама-каршылыгы катары табигый көрүнүш болуп саналат, демек, болбой койбойт. Жагдайга чоң адамдардай мамиле жасай билүү, чыр-чатактын мүмкүн болуучу натыйжаларын алдын ала аныктоо жана конфликттик кырдаалдан эң аз жоготуулар менен, идеалдуу түрдө эки тарапка тең пайда алып келгендей болуп чыгууга аракет кылуу керек.

Психолог Елена Прокопьева Kaktus.media сайтына өспүрүм куракта кандай конфликттер ​​болоорун айтып берип, аларды чечүү жана башкарууну кантип үйрөнсө болору боюнча кеңештери менен бөлүштү.

Өспүрүмдөрдөгү конфликттердин негизги себептери

Адамда өзүн-өзү кабылдоосу кескин төмөндөп, сырткы чөйрөнүн таасирине өзгөчө сезгич болуп, сырткы чөйрөнүн өздүгүнө болгон басымын ашыкча баалоого умтулган жаш курак мезгили болот. Анын айланасында "чыңалуунун күчөгөн талаасы" пайда болот, натыйжада башкалар мененконфликтке баруу ыктымалдыгы жогорулайт. Бул жаш курак мезгили - кризистик, конфликттүү деп аталат. Адатта, үч мезгил конфликттүү мезгили болуп эсептелет: "үч жаштагы кризис", өспүрүмдөр кризиси жана пенсиядагы кризис.

Жаш куракка байланыштуу кризистерден тышкары, балдар көбүнчө кооптуу чөйрөдө болушат: ата-энелери конфликтте ​​болушат, көз карандылыктан жапа чегишет, психологиялык же психикалык көйгөйлөргө дуушар болушат, анан баарын балдарынан чыгарышат. Бул учурда, жыныстык жетилүү мезгили дагы оор болот жана өспүрүмдүн психикасын олуттуу кесепеттерге алып келет.

Өспүрүм куракка мүнөздүү өзгөчөлүктөр:

  • жыныстык жетилүү жана бирдей эмес физиологиялык өнүгүү, эмоционалдык туруксуздукту жана маанайдын кескин өзгөрүшүн пайда кылат;
  • социалдык кырдаалдын өзгөрүшү: көз каранды балалыктан көз карандысыз жана жоопкерчиликтүү чоңдукка өтүү;
  • жетектөөчү ишмердүүлүктүн өзгөрүшү: билим берүү ишмердүүлүгү теңтуштар менен интимдик жана жеке баарлашуу менен алмашылат;
  • өзүнүн "мен" деген тарабын ачуу жана тастыктоо, коомдо өзүнүн ордун издөө;
  • чоңдордун дүйнөсүнө каршы чыгуу жана теңтуштардын дүйнөсүнө таандык болуу сезими аркылуу өзүн таануу. Бул өспүрүмгө өзүнүн баалуулуктарын жана нормаларын табууга, аны курчап турган дүйнө жөнүндө өз идеясын түзүүгө жардам берет;
  • "жетилүү сезиминин" пайда болушу, өспүрүмдүн өзүнүн "жетилүүсүн" таануу каалоосу. Бул куракта өспүрүмдөр ата-энесине болгон эмоционалдык көз карандылыктан арылууга умтулушат.

Өспүрүмдөр жөнүндө айта турган болсок, бул куракта нааразылык жүрүм-туруму норма болуп эсептелерин эстен чыгарбоо керек.

Ар бир курактагы кризисти сапатуу өткөрбөсө, инсандык калыптанбайт. Бул учурда адам инсан катары толук кандуу иштей албай калуу мүмкүнчүлүгүнө дуушар болот. Анда бир гана тынчсыздануулар жана конфликттери жок болгон бактылуу өз алдынча жашоону кыялдануу гана калат. Ошондуктан ата-энелерге – сабырдуу болуу, баланын ар бир жаш курактык кризисинин өзгөчөлүгүн изилдөө жана ар бир жаш курактык кризистин терс көрүнүштөрүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү сунушталат.

Ата-эне өспүрүмдөрдүн оор кризисинин ортосунда турган баласына коопсуз чөйрөнү, кабыл алууну жана колдоо көрсөтүүсү керек. Ошол эле учурда өзүңүзгө балаңыз сизге караганда бир нече эсе оор жагдайда экенин эстеттип туруңуз.

Гормондор өспүрүмдөрдүн эмоционалдык абалына таасир этет. Алардын жүрүм-туруму күтүүсүз болуп калат, ашыкча активдүүлүк кайдыгерлик менен алмашат, өзүнө болгон ишеним жогорулайт. Жүрүм-турумдагы шайырлык уялчаактык менен айкалышат. Нааразылык, мээримдүүлүк балалык таш боордукка алмашат. Өспүрүмдө мурда адаттан тыш бойго жетүү сезими пайда болот. Дал ушул сезим аны көптөгөн терс жоруктарды жасап, ата-энесине карата коргонуу позициясын карманууга мажбурлайт.

Өспүрүм өзүн чоң адамдай сезе баштайт, мисалы, белгилүү бир укуктарга доомат коюу жана жоопкерчиликтен бошонуу каалоолору пайда болот.

Өспүрүмдөр ата-энелеринин талаптарын басмырлоо, жеке пикири менен эсептешүүнү каалабагандык катары кабыл ала башташат. Ал эми ата-энелер мунун баарын бир аз башкачараак караш менен көз карашат – балдар көзөмөлдөн чыгууга аракет кылып жаткандай.

Ата-эне баласына ой жүгүртө албаган кичинекей бала катары мамиле кылууга көнүп калган. Бирок бала он жашка чыкканда ата-энелер көз карашын, жүрүм-турумун өзгөртүшү керек. Бойго жеткен, психологиялык жактан жетилген инсанды калыптандыруу үчүн наристе төрөлгөндөн баштап ал эрезеге жеткенге чейин күч-аракет жумшоо керек – андан кийин өз алдынчалыкка үйрөтүү өтө кеч болуп калат.

Ар бир ата-эне баласына ийгиликтүү келечек кыялданат, бирок ошол эле учурда баланы көзөмөлгө алуу, ашыкча коргоо жана байланыштын жоктугу аркылуу алар ошол кыялындагы жашоону өткөрө албаган инсанды өстүрүшөт.

Дал ушул өспүрүм кризиси баланын ата-энесинен бөлүнүүнүн акыркы этабы болуп саналат, анткени 16 жашка келгенде жаштар кризиси башталат, өсүп келе жаткан балаңыз башка милдеттерге туш болот. Өспүрүм курактагы конфликттик жүрүм-турум жана негативизм ички өзөгү бар адамдын өнүгүшү үчүн маанилүү.

Баланс маанилүү - режим, эрежелер, тандоо укугу жана сөз эркиндиги. Ошол эле учурда ата-эне өзү бойго жеткен, өзүнө ишенген адамдын абалында болуп, ар бир конфликтте ачууга алдырбоосу маанилүү.

Өспүрүмдөр ким менен жана эмне үчүн конфликтке барат?

Өспүрүмдөр теңтуштары, ата-энелери жана мугалимдери менен конфликтте ​​болот. Ар бир конфликт жашоодон тажрыйба алуу үчүн маанилүү. Эң негизгиси балага жеке үлгү, тасмаларды, китептерди, окуяларды талкуулоо аркылуу конфликтти чечүү үчүн билим жана көндүмдөрдү берсе болот. Ар дайым баланын тарабында болуп, аны колдоп туруу маанилүү. Жыныстык жетилүү дал ушул конфликттик кырдаалдардын көптүгү менен баалуу болуп эсептелет, алар аркылуу топтолгон тажрыйбалар менен инсан калыптанат. Тилекке каршы, көбүнчө ата-энелер өспүрүмдү бул тажрыйбаны алуудан коргоп, көзөмөлдөп, колдоп, коомдон обочолонтуп, өзүнүн позициясын калыптандырууга, реакция кылуу ыкмаларын өнүктүрүүгө жол бербейт.

Өспүрүмдө конфликттер ​​болушу керек, анткени ошол жагдайлар аркылуу ал жашаганга үйрөнөт. Теңтуштары менен ар кандай турмуштук сценарийлер иштелип чыгат. Ошондуктан ата-энелер менен мугалимдерден жыныстык жетилүүнүн табигый көрүнүштөрүн түшүнүүнү жана кабыл алууну каалайт элем.

Чоңдор көп учурда баланы сүйлөшүүгө жана диалог курууга үйрөтүүнүн ордуна өздөрү конфликт жаратышат. Албетте, өспүрүм адептүүлүктүн эрежелерин сактоого, башкалардын чектерин сыйлоого, өзүн татыктуу алып жүрүүгө жана мыйзамды бузбоого милдеттүү, бирок ошол эле учурда шектенүүгө, коркууга, караңгылыкка туш болуп, жашоосундагы эң оор мезгилди башынан өткөрүп жаткан өспүрүмгө болгон жогорку күтүүлөрдү азайтуу керек.

Жыныстык жетилүү мезгилинде мектептеги көрсөткүчтөрү төмөндөшү норма.

Өспүрүмүңүздү мээримге бөлөңүз,, андан мүмкүн эмес нерсени талап кылбаңыз. Ошондо балдар менен ата-энелердин ортосундагы конфликттер өзүнөн-өзү эле жоголот. Өспүрүм мектепте жылдыздарга умтулбай эле, акырындык менен окуй берсин, эс алууга бир-эки саат бөлсүн жана теңтуштары менен көп убакыт өткөрсүн.Дал ушундай жай режимде өспүрүм оор жыныстык жетилүү курагынан аман чыга алат.

Өспүрүм курак өспүрүм үчүн да, ата-энелер үчүн да кыйын.

Өспүрүмдөрдүн ата-энелери кетирген үч негизги ката:

  • Баланы бийлик менен басуу каалоосу, көз карандысыздыкка болгон бардык умтуулууларына тыюу салуу (бирок өспүрүм өз алдынча кырдаалдан чыгууга үйрөнүп, өз позициясын иштеп чыгып жана өзүнө ишенгенди билиши керек).
  • Ата-энесинин талаптарын жана айткандарын аткарбагандыгы үчүн жазалоо системасынын катаалдаштыруу (бирок өспүрүм жыныстык жетилүү мезгилине мүнөздүү гормоналдык жарылуудан, мээ кыртышынын жана психикасынын жетиле электигинен улам өзүн толук башкара албаган абалда болот, ошол эле учурда, ал өз алдынчалыкты, автономияны, көз карандысыздыкты калыптандырууга көмөктөшүүчү негативизмди иштеп чыгат).
  • Ата-эненин "сүйлөбөй коюу" тактикасын тандоосу: балага жашоосу жана көйгөйлөрү жөнүндө айтпаганы үчүн бойкот жарыялоо (ата-эне өзү кичинекей баладай болуп таарынып, кыйын мезгилде баланы колдоонун ордуна күнөөлүү же уялуу сезимдери менен манипуляциялай баштайт, бирок ата-энеде турмуштук тажрыйба көп, жетилген психикага ээ, ошон үчүн баланын жанында болуп, түшүнүп жана колдоо көрсөтүп, оор мезгилине чыдап, аны коопсуз жашоо менен камсыздоо керек, албетте, жеке чектер жөнүндө унутпоо зарыл - баланын сырларын, жеке турмушун сыйлоо дегендей).

Конфликттерди чечүү көндүмдөрүнүн мааниси

Балдар ата-энесинин үлгүсү менен жашоого үйрөнүшөт, андыктан баланын бойго жеткенде керек болчу көндөмдөрү ата-эненин өздөрүн алып жүрүүсүнөн көз каранды.

Ата-эне өзү кырдаалга жараша конфликтти чечүүнүн ар кандай ыкмаларын колдоно билиши керек.

  • Жагдайдан качууну, четтөөнү күйгүзүү. Мисалы, мас абалындагы агрессивдүү адамды же жашоого көз карашы катуу болгон кары адамды көргөндө түз тирешүү эч кандай жакшылыкка алып келбейт.
  • Өтө критикалык учур болбосо компромиссти колдонуу жана кичинекей балдарга окшоп тирешкенден көрө, жол берип коюу оңой.
  • Бардык тараптардын каалоолорун жана кызыкчылыктарын эске алуу менен сүйлөшүүнү үйрөнүүү.
  • Ошол эле учурда 18 жашка чейин балдар менен кыздардын мээ кыртышынын жетиле электигинен улам чоңдордой сүйлөшө албастыгын да унутпоо керек. Ошого карабастан, чыдамкайлыкты жоготпостон, аларга бул өнөрдү сиңирип жатабыз. Өспүрүмдөрдүн оройлугу - анын каалоосу эмес, жыныстык жетилүүнүн көрүнүшү экенин эстен чыгарбоо керек.

Натыйжалуу байланышуу ыкмалары. Мисалы, күнөөлөбөстөн сезимдерин билдирүү жана башкалардын көз карашын жигердүү угуу, "мен" деген сөздөрдү колдонуу, дене кыймылынын жана тондун мааниси ж.б.у.с.

Өмүр бою ата-эне баласына кантип натыйжалуу баарлашуу керектигин көрсөтөт: маектешинин сөзүн кунт коюп угат, достук жана эмпатиялуу болот, диалогдо табигый, кандай болсо ошондой көрүнөт - чынчыл, ачык, өзүнүн башынан өткөн окуялары, ой-пикирлери, сезимдери жөнүндө так айтат, башка адамдардын сезимдерин жана ой-пикирин кабыл алат, өзүнүн сөздөрү жана аракеттри үчүн жооп берет.

Өзүңүзгө жана башкаларга карата сынсыз ой жүгүртүп, иш-аракет кылуу маанилүү. Жалпылабай жана бүдөмүк түшүнүктөрдү колдонбой өзүңүздүн атыңыздан сүйлөңүз. Анан, албетте, агрессивдүү сөздөрдү колдонбоңуз, анткени муну менен биз балдарыбызды критикалык кырдаалдарда агрессивдүү жүрүм-турумга үйрөтөбүз, агрессияны нормалдаштырабыз

Чоңдордогу конфликттерди чечүүнүн стратегиялары өспүрүмдөргө келгенде иштебейт, анткени психиканын жетиле электигинен жана гормоналдордон улам өспүрүм аларды колдоно албайт. Өспүрүм жөн гана өзүн чоң кишилердей алып жүрүүгө аракет кылып жатат, ал эми ата-энеси ага сынга албай же лекция окубай эле жардам берет.

Ата-эне менен мектептин ролу, балдардын ортосундагы конфликтке кийлигишүү керекпи

Ата-энелердин жана мугалимдердин милдети - өспүрүмдүн бой жетүүсүн коопсуз жай менен камсыз кылуу.

Чоңдор сөзсүз буллинг сыяктуу жагдайларга кийлигишүүсү керек. Кызыкчылыктардын кагылышуусунан улам келип чыккан жөнөкөй конфликт балдардын ортосундагы баарлашуунун кадыресе түрү болуп саналат. Эгерде ал системалуу психологиялык жана эмоционалдык зомбулук менен коштолбосо, окуучу-окуучу деңгээлинде чечсе болот.

Эгерде конфликттер ​​физикалык зомбулук менен коштолуп, ар дайым кайталанып турса, анда чоңдордун кийлигишүүсү керек. Баланы түшүнүү маанилүү, анткени ар бир кырдаал индивидуалдуу болгондуктан, ар бир баланын өзүнүн уникалдуу сапаттары, анын ичинде тубаса сапаттары болот. Ошонун негизинде реакция жасоо зарыл.

Бала жана анын жүрүм-туруму ата-эненин чагылышы, андыктан өзүңүздөн баштоого жана конфликттин бардык катышуучуларын эске алуу менен масштабдуу талдоо жүргүзүүгө аракет кылыңыз, бир караганда "көрүнбөгөн" өзгөчөлүктөрдү эске алганды унутпаңыз.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (36 статей)
Өспүрүмгө чечим чыгарганды кантип үйрөтсө болот? Адистен кеңеш
20 Июнь 2024, 16:14
Эмне үчүн АИВти эрте аныктоо маанилүү жана өлкөдө анализдердин кандай түрлөрү бар
18 Июнь 2024, 10:33
Баланы сексуалдык зордук-зомбулуктан кантип коргоо керек? Психотерапевт айтып берет
11 Июнь 2024, 14:59
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16345