"Visa жана Оптима Банк менен Олимпиадалык алтын" акциясынын жеңүүчүсү Парижге учат!
RU

"Visa жана Оптима Банк менен Олимпиадалык алтын" акциясынын жеңүүчүсү Парижге учат!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ААК "Оптима Банк" жана санариптик төлөмдөр тармагында дүйнөлүк лидер Visa системасы "Олимпиадалык алтын" уникалдуу акциясынын аяктагандыгы жөнүндө сыймыктануу менен кабарлайт.

2024-жылдын 18-мартынан тарта 27-майга чейин Оптима Банктын Visa карттарынын ээлери акцияга катышып, Парижге саякат үчүн ат салышты.

Optima24 мобилдик тиркемеси ар жума сайынкы квест түрүндөгү геймификацияны ийгиликтүү ишке ашырган Кыргызстандагы биринчи финансылык тиркеме болду.

"Олимпиадалык алтын" акциясынын алкагында колдонуучулар күн сайын тапшырмаларды аткарып, викториналарга катышып, медалдар үчүн ат салышты.

Акциянын биринчи этаптарынын жеңүүчүлөрү гаджеттер, саякат үчүн жолдомолор жана башка эксклюзивдүү белектерге ээ болушту.

Ошентип 5-июнда "Jannat Regency" мейманканасында баш байге болгон 2024-жылкы Олимпиада оюндарына Парижге жолдомо тапшыруу аземи болуп өттү.

Акциянын финалисттери болуп төмөнкүлөр табылды:

1-орун: 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына эки кишилик жолдомо - Андрей С;

2-орун: iPhone 15 Pro Max - Самыйбек У;

3-орун: Sony PlayStation 5 - Айнура Ш.

Байгелерди спортчу амбассадорлорубуз жана Банктын жетекчилер жана Visa өкүлдөрү менен биргеликте тапшырышты. Иш-чараны ААК "Оптима Банк" Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары Измуханов Адал сөз сүйлөп жана финалисттерди куттуктады, ошондой эле, бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, алардын жетишкендиктерин белгиледи.

"Оптима Банк" акциянын жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайт жана бардык катышуучуларга дилгирлик менен катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет! Акциянын ийгилиги менен бирге жалпы максатка жетүү үчүн катышуучулардын ар бири өз салымын кошту.

2024-жылкы Олимпиада оюндарынын расмий өнөктөшү катары Оптима Банк өнөктүк аяктагандан кийин да Олимпиадалык кыймылды колдоону улантууда. Банк ошондой эле Олимпиада оюндарына байланыштуу кошумча иш-чараларды жана демилгелерди улантат жана Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын спортчуларына колдоо көрсөтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16327