Президент ишкерлерге, инвесторлорго тоскоолдук кылгандарга жаза колдонууну сунуштады
RU

Президент ишкерлерге, инвесторлорго тоскоолдук кылгандарга жаза колдонууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун демилгеледи.

Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасында экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган дешет президенттин администрациясынан.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жараткандар үчүн жоопкерчиликти караган жаңы 338 (1)-берене менен толукталып жатат.

Мындан сырткары мыйзамдуу ишкердик ишине тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп жаткандыгына байланыштуу Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 436-беренесинде көрсөтүлгөн айып пулдун өлчөмүн 100 эсептик көрсөткүчтөн 150 эсептик көрсөткүчкө көбөйтүү сунушталууда.

Ошону менен бирге ишкерлерди камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын негизсиз колдонуудан коргоо максатында мыйзам долбоору менен ишкерлерге карата Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын (электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы) колдонуу сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16294