Депутаттар чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлккө ээлик кылууга уруксат берди
RU

Депутаттар чет элдиктерге Ысык-Көлдө мүлккө ээлик кылууга уруксат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-июнда парламент Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын чет элдиктерге менчикке берүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Аны депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков демилгелеген.

Эл өкүлдөрү Жер кодексине, "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда.

Ага ылайык, Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлүктөргө рекреациялык объектилер жана туристтик инфраструктураларга ээлик кылуу укугу берилиши мүмкүн.

Буга чейин депутаттар рекреациялык объектилерге эмнелер кирерине кызыгып, чет өлкөлүктөрдүн менчигине жер өтүп кетпейби деп кооптонушкан. Демилгечилер рекреациялык объектилерге эс алуучу, ден соолукту чыңдоочу, туризм үчүн пайдаланылуучу конок үйлөр, коттедждик шаарчалар, эс алуу үйлөрү жана башка объектилер камтыларын, ал эми жер тилкеси буга кошулбай турганын билдиришкен.

Ошондой эле аталган өзгөртүүлөр курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөдөн инвестиция тартууга өбөлгө түзөрү кошумчаланган.

Эске салсак, депутаттар экинчи окууда аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу учурунда пикир келишпестик жаралган. Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитов бул мыйзам долбоорунан улам кайым айтышып, Айжигитов "мунун баары жер-сууну сатуу максатын көздөй турганын" билдирген. Түлөбаев "бул айыптоосу үчүн Айжигитовду сотко бере турганын" айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16355