Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиевдин Олимпиададагы атаандаштары белгилүү болду
RU

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиевдин Олимпиададагы атаандаштары белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл күрөштөн Париждеги Олимпиада оюндарына 10 спортчу барат. Ал эми жалпы Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарына 15 спортчу жолдомо уткан.

Алардын арасында эркин күрөш боюнча спортчу Эрназар Акматалиев бар. Ал 65 кг салмакта күч сынашат.

Белгилүү болгондой, Акматалиев 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан. Бирок анда байгелүү орунга илинген эмес. Эми экинчи ирет Олимпиада оюндарына аттанып жатып, алтын байгени алууну көздөөдө.

Эркин күрөштөн 65 кг салмакта жолдомо алгандар (спортчулардын тизмеси лицензияны алган тартип боюнча берилди):

  • Венгрия - Исмаил Мусукаев (дүйнө чемпиону (2023-жыл), эки жолу коло уткан (2019, 2022-жыл), Европа чемпиону (2022-жыл) жана коло байге ээси (2024-жыл)
  • Пуэрто-Рико - Себастьян Ривера (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2023-жыл), Пан-Америка чемпионатында күмүш (2022-жыл) жана коло уткан (2023-жыл)
  • Армения - Вазген Теванян (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2023-жыл), Европа чемпиону (2023-жыл)
  • Бейтарап спортчу - Шамил Мамедов (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2023-жыл)
  • Иран - Рахман Амузадхалили (дүйнө чемпиону (2022-жыл), Азиянын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл), Азия оюндарынын күмүш байге ээси (2023-жыл)
  • Мексика - Остин Гомес (чоңдор арасында дүйнө жана континенталдык чемпионаттарда байге алган эмес)
  • Куба - Алехандро Вальдес Тобиер (дүйнө чемпионатында эки ирет коло уткан (2017, 2018-жыл), Пан-Америка оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү (2019, 2023-жыл), Пан-Американын үч жолку чемпиону (2010, 2013, 2014-жыл), эки ирет күмүш (2016, 2023-жыл) жана эки жолу коло тагынган (2011, 2018-жыл)
  • Самоа - Гаку Аказава (чоңдор арасында дүйнө жана континенталдык чемпионаттарда байге алган эмес)
  • Австралия - Георгий Окороков (Океаниянын эки жолку чемпиону (2023, 2024-жыл)
  • Грузия - Годердзи Дзебисашвили (чоңдор арасында дүйнө жана континенталдык чемпионаттарда байге алган эмес)
  • Азербайжан - Гажы Алиев (Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси (2020, 2016-жыл), дүйнөнүн үч жолку чемпиону (2014, 2015, 2017-жыл), Европа оюндарында алтын жана коло тагынган (2019, 2015-жыл), Европанын төрт жолку чемпиону (2014, 2018, 2019, 2023-жыл), бир ирет күмүш (2022-жыл) жана бир жолу коло уткан (2016-жыл)
  • Кыргызстан - Эрназар Акматалиев (дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси (2021, 2022-жыл), Азия чемпионатында күмүш байгеге татыган (2022-жыл)
  • Япония - Котаро Киёка (чоңдор арасында дүйнө жана континенталдык чемпионаттарда байге алган эмес)
  • Албания - Ислам Дудаев (Европа чемпиону (2024-жыл) жана коло байге ээси (2022-жыл)
  • Монголия - Тулга Тумур-Очир (дүйнө чемпионатында коло тагынган (2021-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл), Азия чемпионатында эки ирет күмүш тагынган (2023, 2024-жыл)
  • АКШ - Аллен Ретерфорд (дүйнө чемпиону (2023-жыл) жана күмүш байге ээси (2022-жыл), Пан-Америка чемпиону (2023-жыл)
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16306