Сузактагы кырсык. Жабыркаган окуучулардын баары ооруканадан чыкты
RU

Сузактагы кырсык. Жабыркаган окуучулардын баары ооруканадан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Портер" сүзүп кетип, ооруканага түшкөн окуучулар сакайды. Бейтаптардын баары ооруканадан үйлөрүнө чыккан деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абал облусун боюнча координатору Каарманбек Байдавлетов.

Айтымында, кырсыктан улам жалпы 20 окуучу ооруканага жатыкрылып, анын 10у Бишкекке которулган.

"Бүгүнкү күндө бейтаптардын баары ооруканадан чыгышты. Акыркысы Бишкектеги ооруканадан 27-майда чыгып келген. Учурда балдар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүлүк дарыгерлер борборунун адистеринин көзөмөлүндө", - дейт Байдавлетов.

Белгилесек, 2-майда Сузак районундагы Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынакта окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына жеткирилген.

Аталган окуяны ведомстволор аралык комиссия иликтеп, тартиптик жаза жарыялоо, ошондой эле тармактык министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотуу сунуштаган.

Бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылып, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16299