Чүйдө багажга жүк салып жаткан жаранды арт жактан келген унаа сүзгөн
RU

Чүйдө багажга жүк салып жаткан жаранды арт жактан келген унаа сүзгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Садовое айылында айдоочу жүргүнчүнү сүзүп кетти. Кырсыктын видеосу көчөдөгү камерага жазылып калган. Видеодон жүргүнчү кичи маршруттук таксинин багажын ачып, баштыкты салып жатканда артта келе жаткан унаа сүзүп кеткенин көрүүгө болот.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кырсык 11-июнда катталганын билдирип, Kaktus.kg сайтына чоо-жайын айтып беришти.

11-июнда саат 06:30 чамасында Honda Stepwgn оң рулдуу унаасы "Ош-Бишкек" унаа жолунун 38-чакырымында (Садовое айылы) жолдун четинде токтоп турган Mercedes-Benz Sprinter унаасын арт жактан келип сүзгөн. Бул учурда Mercedes-Benz Sprinter унаасына жүк салып жаткан 1987-жылы туулган Ш.С.И. ортодо калып калган. Ал эми Mercedes-Benz Sprinter алды жактагы Ford Transit унаасын сүзүп алган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1987-жылы туулган Ш.С.И. окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми Honda Stepwgn унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 1999-жылы туулган Г.К.А. жаракат алып, Москва районун ооруканасына жеткирилди.

Жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16373