Кемпир-Абад иши. Сот айыпталуучуларга өкүм чыгарды
RU

Кемпир-Абад иши. Сот айыпталуучуларга өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 22 активист, саясатчы жана журналист соттолуп жаткан Кемпир-Абад иши каралды. Буга чейин айыпталуучулардын көбү үй камагында болчу.

Сот процессине төрагалык кылган судья Марат Сыдыков соттолуучуларга актоо өкүмүн чыгарды.

Ага ылайык, Мамбетжунус Абылов, Айданбек Акматов, Нурлан Асанбеков, Акылбек Айтбаев, Азимбек Бекназаров, Марат Баязов, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Атай Бейшенбек уулу, Равшан Жээнбеков, Гүлнара Журабаева, Чынгыз Капаров, Рита Карасартова, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Темир Махмудов, Таалайбек Мадеминов, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Асия Сасыкбаева, Илгиз Сарылдык уулу, Шабдан Али акталды.

Судья сот залынан абактагылардын баарын бошотууну буйруду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16380