"Өлөт, болбойт деп коюшкан". Автокырсыктан жабыркаган жигиттин апасынын маеги (видео)
RU

"Өлөт, болбойт деп коюшкан". Автокырсыктан жабыркаган жигиттин апасынын маеги (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24 жаштагы Саламат Калыгулов мындан дээрлик 2 жыл мурда автокырсыкка кабылып, төшөккө жатып калган. Учурда ал Индия мамлекетине барып дарыланууга муктаж. Саламатты чет өлкөгө алып чыгууга ири суммадагы акча керектелет. Жабыркаган баланын апасы башына келген сыноосун Кaktus.kg редакциясына айтып берди.

2022-жылы август айында Жайыл районунун Малтабар айылында жол кырсыгы катталган. Унааны Саламат Калыгулов башкарып бара жаткан, башка эч ким болгон эмес. "Балам жумуштан келип, үйдө жатканда аба ырайы бузулуп баштаптыр. Жакынкы айылга чөп эгип, чогултканбыз, ошонун үстүн жаап келейин деп үйдөн чыгып, жогорку ылдамдыкта бара жатканда жамгыр нөшөрлөп жаап, унааны шагыл тартып кеткен. Машинасы ала салып, чоң бакка урунган. Өзү сыртка учуп кетиптир. Унаа таптакыр жарабай калган", - дейт апасы.

Авариядан кийин Саламат Кара-Балтадагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, 18 күн комада жаткан. Андан кийин көзүн ачкан. Дарыгерлер бейтаптын жүлүнүнө доо кеткенин, ары-бери кыймылдатканга болбойт деп, Бишкекке алып кеткенге уруксат беришкен эмес. 1 айдан кийин жакындары Саламатты Бишкектеги жеке клиникага которушкан. Борбордогу жеке клиникалардан өткөн томографиялык текшерүүлөр Саламаттын жүлүнү жайында экенин көрсөткөн.

"Биз Кара-Балтадагы ооруканада 1 ай жаткандыктан баламдын башындагы гематома сууга өтүп, анысы мээге жайылыптыр. Жеке клиникадан Саламаттын башына укол жазышкан, ал уколдон уулум калтырап, тез арада башына операция жасалды. Баламдын башынан 60 миллиграмм суу алып чыгышты. Саламат андан кийин деле кыйналып, дене табы түшпөй, дарыгерлер деле билбей жатты. Баламдын жанына күч келгенде оң колун силккен. Кара-Балтадагы ооруканага түшкөндө оң колу сынганы менен гипс эмес, бинт менен таңып коюшкан эле. Колуна да операция зарыл болуп, наркозду көтөрө албайт деп дагы 1 ай күттүк. Бул убакытта уулум аябай кыйналды. Кийин колуна операция жасаганда сынган сөөктүн канча бир бөлүгү сыртка чыгып, чирип баштаган экен. Ошол чириген сөөктү алып, темир коюшкан. Ооруканадан 1-ноябрда үйгө чыкканбыз. Ошондон бери уулумдун ден соолугу менен алышып келе жатам", - дейт Чынаркүл Мамбеттурдуева.

Дарыгерлер Саламатка ДАП (мээнин диффуздуу аксоналдык жаракаты - кеңири таралган баш мээнин оор жаракаты, мында баштын иштөөсү кескин ылдамдап же басаңдайт) деген диагноз коюшкан. Бирок Чынаркүл Мамбеттурдуева уулуна коюлган диганоздон күмөн санайт.

"Баламды болбойт, ордунан козгобогула дешкен. Ага коюлган диагнозго ишенсек, жабырлануучу бир чекитти эле тиктеп, эч нерсе сезбей эле жата берет экен. Бирок бүгүнкү күндө Саламаттын абалында өзгөрүү бар, сүйлөй албаганы менен баарын түшүнөт. Массаж жасатып жатабыз. Укалоо жасагандар Саламатты жакшылап дарылатса бутуна турарын айтып жатышат. Буга чейин коюлган диагноздон менин күмөнүм бар, анткени баламда күндөн-күнгө өзгөрүү бар. Төшөктө көп жатып калгандыгына байланыштуу тарамыштары тартылып калыптыр. Биздин дарыгерлер койгон диагноз менен ооруканалар дарылабайт экен. Ошондуктан мен чет өлкөгө алып барайын деп аракет кылып жатам. Ал жактан кайрадан медициналык текшерүүдөн өтүп, операция болот, болбойт так чечилет. Учурда паспортторубуз дайын. Каражат чогулса эле кетебиз", - дейт эне.

Саламат Калыгулов 2022-жылы жаз айыларында Москвадан келип, Жайыл району боюнча өзгөчө кырдаал бөлүмүндө ишке орношкон. 3 айдан кийин жол кырсыгына кабылган.

"Саламат үйдүн жалгыз эркеги, 2 карындашы бар. Уулум токтоо, аябай тырышчаак, аракетчил болчу. Ичпей, чекпей түз жүргөн бала эле. Аябай ишенчүмүн. 2018-жылы армияга барып келгенден кийин сырттан окууга тапшырып, Москвага миграцияга кеткен. 3 жыл иштеп келген. Өлкөгө келгенден кийин өрт өчүрүүчү болуп иштеп жатканда кырсыкка кабылды. Бир жагынан көз тийди деп да ойлойм", - дейт Чынаркүл айым.

Саламат Калыгуловду Индияга алып барууга 30 миң доллар керек. Учурда 11 миң доллар чогулду. Бирок бул сумма жетишсиз болгондуктан Саламаттын үй-бүлөсү элге кайрылат.

"Балам жакшы болот, басып кетет деп жүрөгүм сезет, үмүтүм чоң. Анткени кандай деген кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Дарыгерлер "болбойт, өлөт, үйгө чыгарып кеткиле" дегенине карабай аракет кылып жаттык. Кудайга шүгүр, азыр жылыш бар. Энемин да, чыдап карап отура албай, элден жардам сурап чыгып жатам. Кыргыз элим жардам берет деп ишенем, жардам берип эле келе жатат, элден айланса болот. Жакшы адамдар көп, мага чалып жылуу сөздөрүн айтып жатышат, бул дем берет экен. Ушул балам бутуна туруп, басып кетсе элге жардам берет деп ойлойм. Мындайды эч кимдин башына салбасын", - дейт элге кайрылган Мамбеттурдуева.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

  • Сбер Банк: 2202206240627104 Нурсултан Т.
  • МБанк: +996 501481746 Перизат К.
  • О!Деньги: 0700471983 Чынаркул М.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16354