УКМК: Бишкектин четиндеги тигүү цехинде чет элдиктер кулчулукта эмгектенишкен
RU

УКМК: Бишкектин четиндеги тигүү цехинде чет элдиктер кулчулукта эмгектенишкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тигүү цехинин ээси тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана эмгек шарттарын камсыз кылуу жаатында одоно мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, 20-июнга караган түнү Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан цехтердин биринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда Түштүк Азиядан келген чет өлкөлүк 30 жаран эмгек ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы такталды. Аларды Ж.А. аттуу жергиликтүү тургун алдамчылык жол менен ишке тартып, милдеттенмелерин бузган.

"Цехтин кожойкеси жергиликтүү милиция кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алып, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн түрмөгө каматам деп коркутуп турган. Ж.А. чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген миграциялык тартипти бузуп, керектүү документтерди (чет элдиктерди каттоо, эмгек визасы, иштөөгө уруксат ж.б.) даярдаган эмес.

Чындыгында бул чет элдик жарандар өздөрүнүн эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген.

Мындан тышкары чет элдиктердин жумуш орундары жана жашоо шарттары санитардык талаптарга жооп бербейт, ал эми толук тамактануу дээрлик камсыз кылынган эмес", - дешет УКМКдан.

Бул фактынын негизинде Ж.А. жана райондук милиция кызматкери А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК мындай иш-аракеттер административдик жоопкерчиликти гана эмес, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине да алып келерин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16417