Сузактагы окуучулардын кырсыкташы. Айдоочу окуя тууралуу өз версиясын айтты
RU

Сузактагы окуучулардын кырсыкташы. Айдоочу окуя тууралуу өз версиясын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда манас айтуу иш-чарасында Porter окуучуларды сүзүп кетип, 29 бала жабыркаганы маалым болгон. Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБден жабыркагандардын саны 32ге жеткенин билдиришти.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, бул фактыны текшерүү учурунда Porter унаасынын айдоочусу - 1976-жылы туулган Б.Ж. көрсөтмө берген.

Айтымында, ал демөөрчүлүк кылып, кароо-сынакка катышып жаткан балдарга бекер балмуздак таркатуу үчүн 7 коробка балмуздак жүктөп Катмы жайлоосуна чыккан. Балмуздакты Жерге-Тал айылдык мектебинин директоруна кайсыл жерге жеткирип берейин деп суроо үчүн унаасын токтотуп, сыртка чыгып телефон менен сүйлөшүп жатканда унаа ылдыйга жүрүп кеткен. Айдоочу унаанын артынан чуркап, токтотконго жетишпей калгандыгын билдирген.

Ошондой эле текшерүү учурунда Сузак райондук мамлекеттик адмнистрациясы жана Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда президенттин "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы "Манас" эпосун ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында Көк-Арт айыл аймагынын Катмы эс алуучу жайында "Урааным Манас" кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлүп, ал жерде райондун аймагынан 3000 окуучу катышып жаткандыгы такталган.

Окуядан улам азыркы учурда жалпы 32 окуучу райондун аймагындагы Сузак, Октябрь айылдык ооруканаларына жана Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылды. Анын ичинен 18 окуучу ооруканага жаткырылып, алардын төртөө кайра жандандыруу бөлүмүндө, абалдары оор деп бааланууда. Ал эми калган окуучулар амбулатордук жардам алып чыгып кетишти.

Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар такталып суралып, тергөө ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16065