Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов кычкылтексиз Макалу чокусун багындырды
RU

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов кычкылтексиз Макалу чокусун багындырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Макалу чокусуна кычкылтек жок чыкты. Непалдагы Гималай тоосундагы Макалу чокусу 8485 метр бийиктикте жайгашкан.

"Бул тоого кыргыз туусу 30-майда саат 9:30да көтөрүлдү. Ушул аябай оор чокуга кычкылтек колдонбой чыктым. Бул кыргыздын тарыхында биринчи жолу. Кара-Доо оор тоо болду, суук, шамал жана бийиктик. Жаратканым жеңишимди берди. Ушул жеңишимди элиме жана жериме арнадым. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүн унутпаңыздар. Дал ушул окуя көз карандысыз Кыргызстандын түптөлүшү менен байланышып турат" , - деди ал.

Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов ага чейин, 20-майда Гималай тоосундагы 8516 метр бийиктикте жайгашкан Лхоцзе чокусуна да кычкылтек колдонбой чыккан. Ошол тоого чыккандан кийин кыргызстандык альпинист Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16292