Илим Карыпбеков Дүйнө чокусун багындырды
RU

Илим Карыпбеков Дүйнө чокусун багындырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коомдо жаранык позициясы менен белгилүү, медиа эксперт Илим Карыпбеков Эвересттин чокусуна ийгиликтүү чыгып, багындыра алды.

Ал 23-май күнү, таңкы саат 5те 8846 метр бийиктикке чыгып, Кыргызстандын желегин желбиретти.

Карыпбеков бул тоого чыгуусун Кыргыз элинин биримдигине, билимге арнады.

"Бардык ишенген, колдогондорго терең ыраазычылык билдирем. Кыргызстаным өнүгүп, гүлдөсүн. Өлкөмдө араздашуулар аз болсун. Бизде билимге басым жасайлык. Өзүбүз да, балдарыбыз да билимдүү болсо ошондо биз эркиндигибизди, эгемендигибизди сактап кала алабыз! Мен бул өзүмдүн чыгуумду билимге арнайм", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16229