"20 сомдук буюм 960 сомго алынган". Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды
RU

"20 сомдук буюм 960 сомго алынган". Салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, ал коррупцияга шектелүүдө.

"Дүйнөлүк банктын "Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо" долбоорунун алкагында сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча тергөө жүргүзүлгөн. Долбоорду ишке ашырууда Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыкдар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 долларга товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүз эсеге жогорулатылган.

Маселен, 421 долларга (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатып алынган. Ошондой эле 207 долларга (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган. Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668 доллар (110 миллион сомдон ашык) зыян аныкталган", - дешет комитеттен.

Учурда УКМК тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыкдар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16434