ВИП вагондогу шерине же Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы тууралуу репортаж
RU

ВИП вагондогу шерине же Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы тууралуу репортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-июндан тарта Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы жанданды. 14-июлга чейинки аралыкта поезд аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. Анын ишемби күнкү каттамы менен Kaktus.kg редакциясы Балыкчыны көздөй бет алып, поезддин ичи менен таанышып, жүргүнчүлөр менен баарлашып кайтты.

Поездге билет алуу үчүн алгач "Кыргыз темир жолунун" билет сатып алуу онлайн тиркемесине баш бактык. Бирок тиркемеден онлайн билеттерди ала алган жокпуз. Бул кишилер билет издеп, көп тиркемеге кирип жатканданбы же тиркеменин өзүнөнбү, айтор, кассага барууга туура келди.

Кассага барганыбызда төрт терезенин бирөөсү гана иштеп жатыптыр. Техникалык мүчүлүштүктөн улам кезек күткөн жарандары эки кызматкер тейлеп жаткан экен. Онлайн тиркемедеги маселеге карабай 1-кассадагы кызматкер ишемби күнгө ВИП вагонго эки билетти колубузга бат эле карматты.

Ошентип белгиленген күнү эртең менен саат 7де темир жол станциясына келдик. Адамдын саны көп. Арасында жаш балдар, кары-картаңдар да бар. Билетте белгиленген саатта - 07:40та поезд көлдү көздөй бет алды.

Панорамалык терезелер, кондиционер жана жумшак отургучтар. Буфет кызматы ар кимдин каалоосуна жараша кызмат көрсөтүп жатты. Таң эрте эс алууга бара жаткан жүргүнчүлөрдүн маанайы сонун.

Классташтардын ВИП вагондогу шеринеси

Поезд жүргөн соң жаныбыздагы жүргүнчүлөр менен тааныша баштадык. Эң биринчи эле көзүбүзгө эки диванда отурган шаңдуу компания көзгө урунду. Алар биринчи жолу бул ВИП вагондорго түшүп жаткандарын, аны менен бирге шеринени вагондо өткөрүп, көлдөн улантууну чечкендерин айтып беришти.

"Ушинтип ары-бери саякаттайбыз. Карыдык деп отурбайбыз. А бул поездге биринчи жолу түшүп, Балыкчыны көргөнү барабыз. Биз поездди көрүү үчүн атайын билет сатып алдык, саякатыбыз абдан жакшы башталды, бир аздан кийин мындан да жакшы болот", - дешти алар.

Вагондо чет элдик туристтер да болду. Алар Германиядан Кыргызстанга биринчи жолу келишкен түгөйлөр экен. Биринчи эле поезд менен көлгө барууну туура көргөн коноктор өз эмоциялары менен бөлүштү.

"Кыргызстанга биринчи жолу келдик жана биз дароо эле поездге түшүп Ысык-Көлгө барууну чечтик. Жаратылышы, бардыгы сонун экен", - дешти чет элдик меймандар.

Жүргүнчүлөрдүн баарынын көңүлү жайдары, вагондун ички түзүлүшү, жалпы шарты жакканын айтышты.

Люкс вагон менен ВИП вагондун айырмачылыгы - отургучтарда. ВИП вагондордо диван эмес, кресло. Ажаатканасы, деспансерде суу бар. Каалаган учурда башка вагонго келип тамак-ашын сатып алса болот.

"Вагондо эки сыналгы, кондиционер бар. Бизде эки даараткана бар. Бул жерде спирт ичимдиктерин ичип жана тамеки чегүүгө болбойт", - деп кошумчалады коштоочу.

Бишкек – Балыкчы жөнөкөй вагонго билет чоң кишиге 150 сом. Кичинекей балдарга 73 сомдон. Ал эми Люкс вагон үчүн чоң кишилерге болгон баа 500 сомдон болсо, кичинекейлерге 250 сом. ВИП вагонго чоң кишилер 800 сомдон төлөсө, кичинекейлерге 400 сомдон. Бардык вагондор 5 жашка чейинкилер үчүн акысыз.

Музыка менен кошо жарышкан мультфильм

ВИП жана люкс вагондордо экиден сыналгы коюлган. Андан тышкары музыка өзүнчө угулуп турат. Балдар үчүн вагондун эки жагынан мультфильм коюлса, вагондо жаңырган музыка бирине жакса, экинчисине жакпай жатты. Себеби, айрым эс алуучулар китеп окуп же жаратылышты карап тынч эс алгысы келет.

Ага кошумча шаңдуу компаниялар. Вагон купелерге бөлүнбөгөндүктөн, алардын күлкүсү, сөздөрү башкаларга тоскоолдук жаратпай койгон жок. Вагондогу кызматкерлер эс алуучуларды акырыныраак болууга үндөп, айтып эле жатышты.

Бир вагондон экинчи вагонго өткөнгө болот. Буга байланыштуу кечээ жакында эле социалдык тармактарда видео тарап, башка вагондордон ВИП вагонго келип, сүрөткө түшүп, башкалардын тынчын алып жатышат деп арыздангандар болгон. Буга ылайык, редакцияга "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы комментарий берип, ал видео былтыркы жылы тартылганын айтып, азыр жүргүнчүлөрдү башка бир жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратпоого чакырып жатабыз дешти.

"Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, коопсуздук эрежелерине ылайык, вагондордун ортосундагы эшиктер жабылбашы керек. Бирок бул жүргүнчүлөрдү ары-бери тынымсыз басып-жүрүп, башкаларга ыңгайсыздык жаратууга болот дегендик эмес. Буга ылайык, ишкана жолдо жүрүү этикасын сактап, чет элдик жарандарга маданияттуулукту көргөзүүгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16458