Алматыда 7-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын сөөгүн мекенге жөнөтүү иштери жүрүүдө
RU

Алматыда 7-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын сөөгүн мекенге жөнөтүү иштери жүрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен ырасташты.

Такталгандай, 26-июнда саат 06:50 чамасында 2007-жылы туулган кыргыз жараны У.К.Н. Алматы шаарындагы үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшкөн. Кырсыктан оор жаракат алган кыз каза болгон.

Белгилүү болгондой, ал Алматы шаарына тууганы менен 2024-жылдын 21-майында барган.

"Кыргыз Республикасынын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун туугандары менен байланышта. Бүгүнкү күнгө маркумдун сөөгүн алып чыгууга компетенттүү органдардан уруксат алынды. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16475