Кыргызстанда пенсия дагы көбөйөт. Качан жана канча сом болот?
RU

Кыргызстанда пенсия дагы көбөйөт. Качан жана канча сом болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Президент пенсия курагына жеткен жана пенсияга чыккан жарандарыбыздын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу - өлкөнүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев баяндама жасады.

Соцфонддун жетекчиси президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен пенсионердин жашоо минимумунан кем кылбоо үчүн пенсиялар 2024-жылы көбөйөрүн белгиледи. Бул үчүн 2 этап менен кошумча 20 млрд сом бөлүнөт.

Пенсияны жогорулатуунун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда ишке кирип, анда эң минималдуу пенсия 3500 сом болот. Ал эми 2-этап октябрь айында ишке кирип, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18%га, бирок 1000 сомдон кем эмес жогорулайт.

Буга 2024-жылдын 3 айы үчүн 3 млрд 927 млн сом кошумча каражат керектелет. Каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат.

2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6900 сомду түзүп, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталат.

Бактияр Алиевдин айтымында, 2021-жылга чейин жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349 миң адамды же өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 49%ын түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 306 мин адамга азайып, 40%га чейин кыскарган. 2024-жылдын октябрь айынан тартып бул көрсөткүч толугу менен жокко чыгарылат.

Маалымат уккандан кийин президент пенсиялык системаны реформалоого, пенсиянын майнаптуулугун жогорулатууга багытталган мыйзамдарга кол койду.

"Жөнөкөй тил менен айтканда, жалпысынан пенсиянын өлчөмү 6900 сомдон кем болбойт. Бүгүнкү кабыл алган жарлыгыбызда дал ушул маселе чагылдырылган. Муну менен биз Конституциянын талаптарын аткарып жатабыз. Бул пенсиялык камсыздоо практикасында алгачкы жетишкендигибиз болуп олтурат.

Буга чейин колуна 1000 сом алган пенсионерлер эми 10-июлдан тарта 3500 сомдон ала башташат. Ал эми 10-октябрдан тарта пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомдон кем эмес болот.

Бул оңойго турган жок, бирок биз буга акыркы жылдары коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жаткандыгынын, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу менен жетише алдык", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16481