Кыргызстанда июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат
RU

Кыргызстанда июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда июль айынан баштап пенсиялык системага өзгөртүүлөр киргизилет, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу нормасы токтойт. Бул туурасында Социалдык фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Мукамбетов УТРКнын эфиринде айтты.

Айтымында, өзгөртүүлөрдүн биринчи этабында пенсиянын көлөмү көбөйтүлөт.

"Садыр Жапаров 2024-жылдын май айында пенсиялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койгон. Негизги өзгөрүүлөрдүн бири пенсияга чыгуунун жаңы курагынын босогосун белгилөө болду - мурда 20-25 жылдык стаж талап кылынса эми 5 эле жыл талап кылынат. Ошол эле учурда стажы канчалык көп болсо пенсияга эртерээк чыгууга мүмкүнчүлүк берген норма жокко чагырлды. Бул жашоо узактыгына байланыштуу, жыл сайын карылардын саны өсүүдө. Бул бүткүл дүйнө жүзүндөгу тажрыйба.

Эгерде 58 жаштагы аялдар менен 63 жаштагы эркектердин 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар болсо 1-июлдан баштап жалпы негиздеги пенсияга чыкканга укуктуу.

Пенсиянын базалык өлчөмү - 3170 сом мурда толук эмес дайындалса, 1-июлдан тарта бул норма жокко чыгат. Тагыраагы, 5 жылдан кем эмес талап кылынган стажы бар бардык жарандар пенсиянын негизги бөлүгүн толук алышат", - деди Мукамбетов.

Белгилесек, мурда талап болгон 20-25 жылдык эмгек стаждан тышкары кошумча 15 жылдык стажы болсо, башкача айтканда, эркектерде 40 жылдык, аялдарда 35 жылдык иш стажы болсо, жарандар белгиленген курактан 3 жыл эрте пенсияга чыга алмак. Эми 1-июлдан баштап бул ченем жокко чыгарылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16474