Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын үчүнчү баскычтагы атаандаштары белгилүү болду
RU

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын үчүнчү баскычтагы атаандаштары белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-июнда 2026-жылы футбол боюнча өтө турчу Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычына чүчүкулак тартылды.

Чүчүкулак жыйынтыгында Кыргызстан курамасы "А" тайпасында Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ, Түндүк Корея курамалары менен бирге жайгашты.

Жалпы 18 улуттук курама команда 6 тайпадан 3 топко бөлүндү. Үчүнчү тандоо баскычынын оюндары 2024-жылдын сентябрь айынан тарта 2025-жылдын июль айына чейин орун алат. Командалар өз ара "үйдө жана конокто" ойношот.

Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо турунун оюндары 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда Дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Тайпаларда үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар 4-квалификациялык раундда 2 жолдомо үчүн күрөшүп, плей-офф оюндары аркылуу дүйнө чемпионатына дагы бир жолдомо ойнотулат.

Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча курамасы тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпионатына тандоо турунун үчүнчү баскычына чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16470