ӨКМ Ноокаттагы селдин себептерин атады
RU

ӨКМ Ноокаттагы селдин себептерин атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокаттагы сегиз кишинин өмүрүн алган селдин себептерин изилдеп, жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Негизги себептери катары аномалдуу жамгыр, Абшыр-Ата дарыясында узак жылдардан бери чоң сел болбогондуктан жээгинде дарактардын өсүшү жана эс алуу тапчандарынын башаламан курулуусу, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн төмөн экени белгиленди.

ӨКМ изилдөөнүн жыйынтыгында кырсыктын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу максатында Ноокат райондук администрациясына бир катар сунуш берди. Анда ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү, 2018-жылы курулган көпүрөнү капиталдык оңдоо жана дарыянын жээктерин бекемдөө, таза суу түтүктөрүн калыбына келтирүү сыяктуу сунуштар камтылган.

Кулатов-Абшыр-Сай жолундагы сел калдыктарын тазалоо, көпүрөлөрдү оңдоп, бекемдөө жана Кызыл-Кыя көмүр ишканасынын Абшыр-Сай дарыясына курган көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен көпүрө салуу сунушталды.

Учурда Өзгөчө кырдаалар министрлиги Ноокатта сел каптаган үйлөрдү тазалап жатат.

Эске салсак, 28-июнда Ошто орун алган аномалдуу жаандан улам сел каптап, сегиз адам каза болуп, Апшыр-Атада калган 1300 адам коопсуз жакка куткарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16494