Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын Максим Лисицын машыктырат
RU

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын Максим Лисицын машыктырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын россиялык адис Максим Лисицын машыктырат.

46 жаштагы Максим Лисицын менен келишим бир жылга түзүлдү. Ал футболчуларды сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин машыктырат.

Лисицын Кыргызстанда 4 жыл мурун иштеп баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КРдин U-20 жаштар курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, россиялык адис Кыргызстандын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Эске салсак, кечээ 13-июнда, Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитети Лисицындын талапкерлигин бекиткенден соң, КФБнын Президенти Камчыбек Ташиев кураманын жаңы башкы машыктыруучусу менен жолуккан. Ал команданын жаңы устатына ийгилик каалап өтүп, анын жетекчилиги алдында курама командабыз жаңы максаттарга жетет деген ишеничин билдирди.

Буга чейин улуттук кураманы словакиялык машыктыруучу Штефан Таркович жетектеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16376