Президент: Эми өз башыма келип отурат, карындашым үчүн элден кечирим сурайм
RU

Президент: Эми өз башыма келип отурат, карындашым үчүн элден кечирим сурайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лазат Нуркожоеванын талкуу жараткан окуясынан улам өлкө башчы Садыр Жапаров элден кечирим сурады. Президент "Кабар" агенттигине көптөгөн сын-пикирлерге байланыштуу комментарий берип жатып жакындары жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодо аны менен кеңешерин айтты.

"Бир туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коём. "Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле" деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм.

Баягы элибиздеги "Күлгөнгө күлө жетем" деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм.

Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм", - деди өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16456