Садыр Жапаров Лазат Нуркожоеванын колун сураган окуя боюнча пикирин айтты
RU

Садыр Жапаров Лазат Нуркожоеванын колун сураган окуя боюнча пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Модель, ишкер Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен тоого барып, чоң шаан-шөкөт менен колун сураганы кызуу талкууланды. Анда "Өлкө жетекчилеринин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Тик учак жалдоого баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок да. ӨКМге тик учактар ушул үчүн алынды беле?" дегендер да болду.

Талкуу боюнча Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине комментарий берди.

"Ооба, туура. Өлкө жетекчилигинин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгону жатса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып жаткандан кийин баш тартмак эмес да", - дейт президент.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөдө 20га жакын тик учак бар экенин айтып, ижарага берүүнүн себебин түшүндүрдү.

"Мейли кайсы мекеме болбосун, бирди эки, экини үч кылып кетиш керек. Алдыга жылуу, өнүгүү болуш керек. Ошол үчүн тик учактарды мамлекеттин ишине керектөө мезгилинен сырткаркы убактарда коммерциялык багытта да иштеткиле деп уруксат бергенбиз. Азырынча учактар жаңы кезинде өздөрүн актап, өздөрүнүн ордуна экинчи, үчүнчү учактарды алып келиш керек. Учпай тура берсе, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учактар учууга жараксыз болуп калат.

Ошондуктан мейли жөнөкөй жаранбы, бизнесменби, мейли туристпи, мейли инвесторбу тик учактарды ижарага алам десе, мамлекет кубануу менен беребиз. Анткени ижарага берүүдөн түшкөн ар бир тыйын мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга топтолот. Ошентип авиапарк улам жаңыланып турат.

Антпесек кийин 2020-жылга чейинкидей өлкө боюнча бир дагы тик учагыбыз калбай калат. Азыр Кудайга шүгүр, жалпы жыйырмага жакын тик учагыбыз бар.

Ижарадан түшкөн акчаларга улам жаңы тик учактарды сатып алып турабыз. Буга чейин да айтканбыз, азыр да айтам, кимге тик учак керек болсо буюртма берип, өлкөбүздүн каалаган жерине учуп барып-келип турса болот. Мындан мамлекет пайда гана табат", - деп белгиледи ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16455