Ажылык-2025: Талапкерлерди каттоо октябрда башталат
RU

Ажылык-2025: Талапкерлерди каттоо октябрда башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 7-октябрда башталат. Бул туурасында Муфтияттан кабарлашат.

Талапкерлер баштапкы 2000 доллар жана кайтарымсыз 1200 сомду РСК банкына төлөп, каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) Муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга, райондук Хатибияттарга төлөмдүн дүмүрчөгүн жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.

Баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага катталуу мүмкүн эмес.

Ажыга баруучуларга коюлган талаптар:

  • 2025-жылдагы ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  • Ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2000 доллар РСК Банкына (ажылык-2025 эсебине) төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы.
  • Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2025 счетуна) төлөнгөн 1200 сом квитанциясынын түп нускасы.
  • Тышкы паспорту - электрондук (Eid) паспорт менен тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2025-жылы 31-декабрда бүтсө жараксыз.
  • Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт. Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1980-жылы январь айында төрөлсө метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал эми февраль айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.
  • 3х4 форматтагы 4 даана сүрөт. Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт. Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт. Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат.
  • 2024-жылы октябрь айынан баштап алынган №086у формасындагы медициналык маалымкат.
  • Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  • Келишимге кол коюу жана ажылык базага киргизүү. (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).
  • Ажыга баруучунун кийим размери жана жеке телефон номери талап кылынат.
  • Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18 жаштан төмөн болбоосу шарт. (2025-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  • Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масар электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажыга баруучу талапкер өзү төлөйт.

Муфтият ажылыкка баруучу жарандар жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүгө, кечиккен жарандар каттоого алынбай турганын эскертет.

Эгер төлөм учурунда ажылыкка берилген орундар (квоталар) толуп калса, РСК Банкына акча төгүү мөөнөтү токтотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17473