"Тез жардам" кызматкери сабалган окуяны милиция иликтеп жатат
RU

"Тез жардам" кызматкери сабалган окуяны милиция иликтеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Тез жардамдын" кызматкери сабалды деген окуяны Ленин райондук милициясы иликтеп жатат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 30-июнда белгисиз аял "Тез жардамда" иштеген кызматкерди урганы тартылган видео интернетке тараган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ичи ооруп калган баланын апасы "Тез жардам" чакырган. Медиктер текшерүүдөн кийин баланы ооруканага жаткырууга негиз жоктугун, абалы туруктуу экенин билдирген.

"Тез жардам" борборунун директорунун орун басары Егор Борисов медайым кош бойлуу экенин, мээси чайкалып, денесине кан уюп ооруканага жаткырылганын маалымдады. Милицияга арыз жазылган.

Ал эми дарыгер алган жаракатынан улам эсин жоготкон. Анын мээси чайкалып, гематомалар менен ооруканага жаткырылган. Дарыгер кош бойлуу, анда бойдон түшүү коркунучу бар экени айтылууда.

Кыргызстанда медицина кызматкерлерине бейтаптардын жакындары сабаган же басмырлаган окуялар буга чейин да болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16520