Дарыгерлердин айлыгы 50%га чейин көбөйөт. Президент жарлыкка кол койду
RU

Дарыгерлердин айлыгы 50%га чейин көбөйөт. Президент жарлыкка кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча кеңешмеде "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жарлыкка өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин жана саламаттыкты сактоо уюмдарындагы эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатында кол коюлган.

Жарлыкка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта:

  • дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50%га чейин;
  • орто медициналык персоналдын маяналары 20%га чейин;
  • кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат.

Садыр Жапаров белгилегендей, мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат. Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.

Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-жылдын 1-июлунан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүп жатканын кошумчалады.

"Өлкөнүн алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 миң сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралууда", - деди министр.

Садыр Жапаров кол койгон жарлык улуттун ден соолугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногон саламаттыкты сактоо кызматкерлерин колдоого багытталганын белгиледи. Ал көрүлгөн чаралар кыргызстандыктарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын айтып, медиктердин эмгеги жогору бааланышы керектигин баса белгиледи.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16504