Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин маянасын 50% чейин көтөрүүнү пландоодо
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин маянасын 50% чейин көтөрүүнү пландоодо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сентябрдан баштап дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, айлыкты жогорулатуу боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатат.

"Министрлик дарыгерлердин айлыгын көтөрүү боюнча түз иш алып барат. Кадрларды жана жумуштун көлөмүн кайра карап чыгабыз. Оптимизациядан кийин биринчи этапта дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт. Эгерде эки жылдын ичинде жыйынтык чыкса, балким айлыктар дагы көтөрүлөт", - деди министрдин орун басары.

Медербек Исмаилов кошумчалагандай, медайымдардын айлыгы 20%, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10% жогорулайт. 1-июлдан тарта дарыгерлердин айрым категорияларына 20 миң сомдон үстөк акылар каралган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16442