12 жылдык билим. Жаңы жылдан кийин 1-класстын окуучулары экинчи класска көчүшү мүмкүн
RU

12 жылдык билим. Жаңы жылдан кийин 1-класстын окуучулары экинчи класска көчүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн алкагында 1-класстын окуучулары жаңы жылдан кийин экинчи класска өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта маалымат жыйынында министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, 12 жылдык окууга акырындык менен өтүү быйылкы окуу жылында башталат. Окуу жылынын башталышында биринчи класстын окуучулары билими текшерилет. Эгер алар 12 жылдык билим берүүнүн 2-классынын программасын билишсе, анда жаңы жылдан кийин 2-класска өтүшү мүмкүн.

"Учурда балдар 1-класска онлайн режиминде кабыл алынууда. Алар 1-класска отурары менен эки ай бою текшеребиз (12 жылдык билим берүүнүн 2-класстын программасына) туура келеби же жокпу. Салыштырмалуу талдоо аларды которуштуруп жатабыз, балким жаңы жылдан кийин 2-класска өткөрөбүз", - деди министр.

Министр 1-класстарды 2-класска толук классы менен которулаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-мартында министрлер кабинети токтом кабыл алган. Ага ылайык мектептик жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өткөрүү башталат. Бул кандай ишке ашарын Кыргыз билим берүү академиясы түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15801