Бишкекте түнкү клубдардын бири жабылды
RU

Бишкекте түнкү клубдардын бири жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте түнкү клубдарда жана оюн-зоок жайларында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоого багытталган иш-чараларын жүргүзүштү.

Анын алкагында 4-майга караган түнү Бишкек шаарындагы жабык түнкү клубдун конокторунан белгисиз таблеткалар, ошондой эле белгисиз жыты жок суюк зат салынган бөтөлкөлөр алынды.

Клубга келгендердин өздүгүн ырастоочу документтерин текшерүүдө алар республиканын жогорку окуу жайларында ыктыярчы окутуучу болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган.

Баңгизатын колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилип, алар синтетикалык баңгизат колдонгондорун ачык айтышкан.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору жеткирилди.

Алынган заттар Мамлекеттик экспертиза борборунун эксперттерине жөнөтүлдү.

Учурда түнкү клубдун иши токтотулуп, тергөө амалдары жүрүп жатат, жыйынтыгы менен түнкү клубдун ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16091