Бишкекте тойканалардын биринде 1 аптада эки жолу уулануу болду. Ресторан убактылуу жабылды
RU

Бишкекте тойканалардын биринде 1 аптада эки жолу уулануу болду. Ресторан убактылуу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Улуу Тоо" ресторанында бир аптада экинчи жолу массалык уулануу катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Kaktus.kg редакциясына Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыыматына ылайык, аталган ресторанда 15-апрелде жана 18-апрелде өткөн иш-чараларда массалык уулануу болгон.

"Бүгүнкү күндө жабыркагандарын саны 39ге жетти. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бул окуялар боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. Тамак-аштардан үлгүлөр алынган. Ресторанга жалпы 18 миң сом айып салынып, убактылуу жабылды", - дешти департаменттен.

Буга чейин медицина кызматкерлери 15-апрелде 6-кичи райондогу "Улуу Тоо" ресторанында той болуп, эртеси күнү тойго барган жарандар ооруканаларга кайрыла башташканын билдирген.

18-апрелде ошол эле ресторанда кыз узатуу аземи өткөрүлүп, тойдогу коноктор эртеси күнү тамак-ашка уулануу менен ооруканаларга кайрылышканы маалым болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16002