Садыр Жапаров башпрокурор менен министрге сөгүш жарыялады
RU

Садыр Жапаров башпрокурор менен министрге сөгүш жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынан билдирди.

Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, президенттик администрациянын комиссиясы прокуратуранын айрым кызматкерлери тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында белгиленгендей, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактылар тастыкталганын билдирди.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары башкы прокурорго орун басары Адил уулу Кубанды ээлеген кызматынан бошотуу, Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси М.Э. Майтпасовго, ушул эле башкармалыктын экология жаатындагы ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А.М. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылды.

Маалымат үчүн:Комиссиянын курамына президенттин администрациясынын төмөндөгү кызматкерлери кирди:

  • Мурат Укушов – президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • Осмонов Азамат – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;
  • Нурлан Сулайманкулов – Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Апсатаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16020