"Альянс Алтын" убадасын аткарып, Жоламан Шаршенбековго, Айпери Медет кызына унаа тапшырды
RU

"Альянс Алтын" убадасын аткарып, Жоламан Шаршенбековго, Айпери Медет кызына унаа тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын балбандары Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына эңсеген лицензияларды утуп, Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү аталды.

Спортчулардын 2024-жылкы Олимп оюндарына жолдомо утуусу бардык кыргызстандыктар үчүн чыныгы белек болду. Эми алдыдагы беделдүү оюндарда алар мыкты экенин далилдешет!

Ал эми белек берүү жагымдуу нерсе. "Альянс Алтын" компаниясы өзүнүн көп жылдык өнөктөштөрү – "Аджи Сервис", KLC, ААЕngeneering, Toyota Center жана Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте салтанаттуу түрдө балбандарга эки автомашина жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

"Альянс Алтын" ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов өз сөзүндө 2015-жылдан бери компанияда социалдык инвестициялык программа бар экенин белгиледи.

"Спорт – бул биз колдогон негизги багыт, 2021-жылдан баштап Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте спортчуларга дүйнөлүк спортто бийиктиктерди багынтууга шарт түзүп жатабыз. "Альянс Алтын" компаниясынын жана кен казуучу жайда иштеген подрядчылардын белеги - биздин чемпиондорубуздун алдыда жеңишке жетүүсүнө, өлкөбүзгө алтын алып келишине дем берүү үчүн жасалды", - деп белгиледи Рахматов.

Иш-чарага катышкан коноктордон олимпиадачыларга жана ийгиликтүү балбандарга көптөгөн жылуу сөздөр айтылды. Андан кийин жүрөк толкуткан учурга кезек келди – Айпери Медет кызы менен Жоламан Шаршенбековго акыркы үлгүдөгү унаалардын ачкычтары тапшырылды.

Бул унааларды "Альянс Алтын" компаниясынын директору Дүйнө чемпионатынын алдында жеңиш үчүн убада кылган. Башкы директор бүгүн минтип спортчулардай эле айткан убадасын аткарды.

"Биз "Альянс Алтын" менен 1 жылдай убакыттан бери кызматташабыз, компания Дүйнөлүк чемпионатка барарда кийим-кече, каржы жагынан демөөрчүлүк кылды. "Альянс Алтын" компаниясынын директору Чемпионатта алтын утсак, бизге жакшы белек берерин убадалаган. Ал сөзүнө турду. Бүгүн бизге жакшы унааларды белек кылды. "Альянс Алтын" ишканасына чоң рахмат!", - деди Жоламан Шаршенбеков.

Дагы бир Азия чемпиону Айпери Медет кызы да унаа ээси болду. Балбан татамиде атаандаштарын жеңгендей эле унааны да ишенимдүү башкарат.

"Бүгүн биз үчүн жакшы күн болуп жатат. 1 жылга чукул убакыттан бери "Альянс Алтын" бизге демөөрчүлүк кылып келет. Эмоцияларымды жеткире албайм. Азыр Олимпиада оюндарына аз гана убакыт калды, биз даярданышыбыз керек. Бул белек биз үчүн жакшы мотивация болот деп айта алам", - деди спортчу.

Ошондой эле Талас облусунан чыккан башка спортчулар дагы жетишкен ийгиликтери үчүн 100 миң сомдон сыйлык алышты. Алар:

  • Үзүр Жусупбеков;
  • Мээрим Жуманазарова;
  • Алмаз уулу Бекзат;
  • Калидин Асыкеев;
  • Раззак Бейшекеев;
  • Исламбек Орозбеков;
  • Тынар Шаршенбеков;
  • Атабек Азизбеков.

Олимп оюндарына аз эле убакыт калды. "Альянс Алтын" компаниясы жана анын бардык 1500 кызматкери турнирде биздин спортчуларга күйөрмандык кылышат. Ушундай бекем кызматташтыктын аркасында Кыргызстанга сөзсүз алтын медалдар келет!

Жерүй кенин иштетип жаткан "Альянс Алтын" ЖЧКсы 2015-жылы Талас облусунун Талас районундагы Сасык-Булак айылында "Восток-геолдобыча" компаниясы тарабынан түзүлүп, катталган. 2019-жылдын ноябрь айында Жерүйдө руда казыла баштаган. 2021-жылдын март айында алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика жана "Талас алтын кен комбинаты" калдык сактоочу жайы ишке киргизилген. Жерүй долбооруна инвестициянын жалпы көлөмү (анын ичинде ачык жана жер астынан казып алуу, кайра иштетүү комплексин техникалык жабдуу) 600 миллион долларга бааланган.

"Альянс Алтын" компаниясынын социалдык тармактардагы расмий баракчалары:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16004