Өспүрүм курактагы чыр-чатактар ​​жана аларды чечүү жолдору
RU

Өспүрүм курактагы чыр-чатактар ​​жана аларды чечүү жолдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чыр-чатак - жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү. Бир жагынан алар кыйратуучу таасирге ээ болсо, экинчи жагынан көп түрдүү көз караштарды аныктоого, чечимдерди кабыл алууга, жаңы идеяларды жаратууга жана альтернативалуу чечимдерди аныктоого жардам берет. Андан сырткары, чакан чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилсе, олуттуу нерселерди алдын алат.

Ар бир адам чыр-чатактарды башкарууну үйрөнүшү керек, өзгөчө өспүрүмдөр. Чыр-чатакты башкаруу жөндөмү инсандын калыптанышы үчүн маанилүү болгон социалдык жана эмоционалдык өнүгүүгө жардам берет.

Психолог Елена Сопрунова өспүрүмдөргө чыр-чатактарды конструктивдүү чечүүгө жана башкалар менен туура мамиле түзүүгө жардам бере турган ыкмалар менен бөлүштү.

Ата-эне менен болгон чыр-чатактар

Адатта, өспүрүм куракта чыр-чатактын үч түрү кездешет: ата-энелери, мугалимдери жана теңтуштары менен.

Ата-эне менен болгон чыр-чатактар, негизинен, ата-эне баласынын бой жетип калганын кабыл алгысы келбей, ага кичинекей баладай мамиле жасай бергенинен улам келип чыгат. Өспүрүм менен ата-эненин ортосунда түшүнбөстүктөр башталат, бул нерсе ата-эненин авторитетинен ажырап, баланын түнт болуп же такыр эле моюн сунбай калышына алып келет.

Балдар алардын эркиндигин чектеп жатышат деп эсептешет жана ага болгон күчү менен каршылык көрсөтүшөт. Натыйжада ортодогу байланыш жана сый жоголот.

Психолог көп учурда элдешүүгө биринчи кадамды ата-эне жасашы керек деп эсептейт. Анткени алар акылдуураак жана баарлашууда көбүрөөк тажрыйбага ээ. Чыр-чатакты чечүү же анын алдын алуу үчүн ата-энелер сабырдуу болушу кажет.

Ата-эне өспүрүмдүн бардык көйгөйлөрүн чечпеши керек, ошол эле кезде ага жардам бериши зарыл. Балага камкордукту, эркиндикти, мактоолорду жана айыптоолорду ченеп бериши керек. Өспүрүмдөрдүн кемчиликтерине көз жумуп, баланын ишенимин жана өзүн-өзү сыйлоосун калыбына келтирүүгө аракет кылыа, балага аны дайыма сүйөөрүн жана аны менен сыймыктанарын далилдеши керек. Жадакалса чоңдор өздөрү айланасындагылар менен чыр-чатакты дайым эле жакшы жол менен чече беришпейт, ал эми өспүрүм куракта балдардын психикасы жетиле элек болгондуктан, гормондордон, "балдардын максимализминен" улам чыр-чатак курч өтөт.

"Балдардын максимализми" – бул өспүрүмдүн аң-сезиминин абалы, бала бардык кырдаалдарды түп-тамырынан бери чечүүгө аракет кылат, бир нерсе болсо түз жооп берет, ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгүнө жол бербейт. Мисалы, өспүрүм аны жакшы көрүшөт же жек көрүшөт деп гана ойлойт, башка варианттарды көрбөйт. Ага элдин баары аны сын көз менен карап, жаман мамиле жасап жатышкандай сезилиши мүмкүн.

Ата-энелер өспүрүмдөргө бул сыяктуу сөздөрдү айтпаганга аракет кылышы керек: "Жөнөкөй нерселерди түшүнбөйсүң, кийин эмне болор экенсиң" же "Сен али жашсың, көп нерсени түшүнбөйсүң". Ата-энелер өспүрүмгө бир нерсени аны чоң адам катары кабылдап түшүндүрүшү керек. Өспүрүмдөр менен алардын сезимдери жөнүндө сүйлөшүү абдан маанилүү. Аларга эмоцияларын сөз менен билдирүүгө жана алар менен өз убагында күрөшүүгө үйрөтүү зарыл. Балага ачык айтуу, аны бир топ жеңилдетерин айтып берүү керек. Ошондо бала өзүн түшүнүп, уга баштайт, анан карама-каршы тарапты түшүнүү оңой болот. Мындан тышкары, балада эмпатияны өнүктүрүп, башкалардын сезимдери менен эсептешүүгө дагы үйрөтүү абдан маанилүү.

Үй-бүлөдө баары жалпы болушу керек: кубаныч, көз жаш, күлкү. Тажрыйбалар, үмүттөр, кыялдар – мунун баары үй-бүлөнү бириктирет жана бекемдейт.

"Үй-бүлө өспүрүмдү ар кандай терс жагдайлардан коргоого аракет кылып, аны үй-бүлөлүк иштерге аралаштырбай койгон учурлар болот, айталы, ал бул нерсени билиши зарыл деле эмес дегендей. Же жалгыз бой эне, кыйналса дагы баласы үчүн баарын кылат, бирок ичинде эмне болуп жатканын баласы менен бөлүшпөйт. Мындай учурда бала керектөөчү гана болуп, башка бирөөнүн сезимдерин түшүнбөй бой жетип калышы мүмкүн. Үй-бүлөдө жаман же жакшы экенине карабай, бардык сезимдер, эмоциялар жана окуялар баштан чогуу өтүшү керек. Ошондо балдар эмпатияга, башкаларга боорукер болууга үйрөнүшөт", - деп белгиледи Сопрунова.

Бул үчүн өспүрүм бардык үй-бүлөлүк кеңештерге жана чечимдерге бирдей катышууга тийиш. Ал эми анын жүрүм-туруму да ошондой талкууланат. Чектөөлөрдү жана сыйлыктарды чогуу талкуулоо зарыл, бул жерде ата-эне жана бала өз пикирин билдире алат. Ошондо чечим бир топ жеңил кабыл алынат.

Мугалимдер менен болгон чыр-чатактар

Көбүнчө мугалимдер менен жаман окуган окуучулардын ортосунда чыр-чатактар ​​болот. Айрыкча мугалим өспүрүмдөргө ашыкча талаптарды коюп, бааларды жүрүм-турумун жазалоонун куралы катары колдонгондо.

Өспүрүм өзүнүн көз карашын үстөмдүк кылып жаткан мугалимдин алдында коргоого аракет кылганда чыр-чатак пайда болот. Көбүнчө мындай жагдайлар жөндөмдүү окуучулардын окуу жайдан кетүүсүнө себеп болсо, калгандарында окууга болгон мотивацияны төмөндөтөт.

Мугалим өспүрүмдөрдүн аң-сезиминде ата-эне сыяктуу кабыл алынат. Бийликти, жазаларды жана сыйлыктарды бөлүштүрөт; билим берүүчү авторитет дегендей. Өспүрүмдөрдүн пикиринде, мугалим үлгү берчү адам, түшүнүктүү дос, акылдуу насаатчы болушу керек.

Бирок бул жерде чыгуу жолдору бар. Мугалим менен окуучунун ортосундагы диалог болгон учурда гана жакшы натыйжа болот, эң негизгиси бир нече эрежелер сакталышы керек:

  • жайбаракат отуруп талкуулоо;
  • кырдаалды талдоо;
  • жаңжалдашкан тараптардын ортосундагы диалогдун ачык болушу, маектешти угуу, чыр-чатактын көйгөйү боюнча жеке көз караштарды сабырдуулук менен билдире билүү;
  • жалпы максатты, ал максатка жетүүгө мүмкүндүк берүүчү маселени чечүүнүн жолдорун аныктоо;
  • келечекте ортодогу мамилер бузулбаш үчүн, каталарды болтурбоого жардам бере турган тыянактарды чыгаруу.

Теңтуштар менен болгон чыр-чатактар

Өспүрүмдөрдүн ортосундагы пикир келишпестик, анын ичинде студенттик убакта да көп кездешчү кадимки көрүнүш. Студенттердин ортосундагы чыр-чатактар ​​бийлик үчүн күрөштөн, атаандаштыктан, бири-бирин каралоодон, кемсинтүүдөн, алдамчылыктан, ушак айтуудан, кыз (жигит) үчүн мушташуудан келип чыгышы мүмкүн.

Көп учурда өспүрүмдөр чоңдордун жардамы жок эле чыр-чатакты өз алдынча чече алышат. Чоңдордун кийлигишүүсү зарыл болгон учурда, аны тынч формада жасоо маанилүү. Өспүрүмгө басым жасабай, эл алдында кечирим сурабай, кеңеш берүү менен чектелсе жакшы. Жөн гана жанында болуу, угуу, аны түшүп жатканын билдирүү маанилүү ("Түшүнүп турам, жаман болду", "Мен деле ачууланмакмын"). Эмоциялар басылганда, бала менен кырдаалды кантип оңдоого аракет кылса болорун талкуулаш керек. Бул жерде өспүрүм ар кандай варианттар, алардын кесепеттери жөнүндө өзү ойлонушу керек.

"Чыр-чатакты өз алдынча конструктивдүү чечүү өспүрүм үчүн тажрыйба болот, ага теңтуштары менен баарлашууга жардам берет, көйгөйлөрдү чечүүнү үйрөтөт, келечегине дагы пайдалуу жана анын кадыр-баркын көтөрөт", -деп баса белгиледи психолог.

Агрессия, эмоция жана чечимдери жок сезимдер

Агрессия жөн жерден эле боло бербейт. Бул адамды угууга же анын ким экенинин кабыл алынуусуна байланыштуу кандайдыр бир канааттандырылбаган муктаждык болушу мүмкүн.

"Өспүрүмдү кабыл албай, анын үстүнө урушса, анда ал агрессияга алдырат. Бала кандай болсо ошондой кабыл алынгысы келет. Ага сый мамиледе жасалса, тандоосуна мүмкүнчүлүк берилсе, басым жасалбаса, ал баарын тынч кабылдайт. Эгер ага үстөмдүк болсо, анда агрессия пайда болот", - деп түшүндүрдү адис.

Ата-энелер орто чекти табышы керек: көз жаздымда калтырбай, ошол эле учурда баланын жүрүм-турумуна өтө катуу реакция кылбай дегендей.

Агрессияга агрессия менен жооп бербеш керек. Балага дос, насаатчы, колдоочу болуу маанилүү.

"Эмоцияларды башкарууну үйрөнүү мүмкүн эмес. Жадакалса чоңдор деле өзүн башкара алышпайт. Ар бир эмоцияны баштан өткөрүү маанилүү. Эгер кандайдыр бир эмоцияны баштан кечирбесек, ал денеде блок болуп калат. Айталы, адам ачууланып жатат, бирок жылмайып турат дейли. Бул учурда ал нааразычылыктарын ичине жутуп коёт, бул албетте психосоматикага алып барат. Чыр-чатакты ырбатпоо маанилүү. Анан албетте баланын жанында ал үчүн туруп бере ала турган бир чоң адам болушу керек", - дейт адис.

Балага жардам берүү менен конфликттерди чечүү процессине ашыкча тартылып кетпеш үчүн өспүрүм менен чыр-чатактардан чыгуунун ыкмаларын жана анын кесепеттерин талкуулоо зарыл. Ошол эле учурда ага даяр чечимдерди сунуш кылуунун кажети жок, тескерисинче, бала өзү бул абалдан чыгуунун жолун табышы керек. Эгерде бала өзү чыр-чатакты чечүүнүн эки-үч жолун тапса, анын өзүн-өзү сыйлоо сезими көтөрүлүп, келечекте тапкан ыкмаларын колдоно алат.

Өспүрүм үчүн өз алдынча чечим чыгаруу укугун таануу маанилүү.

Көндүрүү = кысым көрсөтүү

Өспүрүмгө конфликтте ар кандай көз караштар бар экенин түшүнүүгө жардам берүү өтө кыйын. Елена Сопрунованын айтымында, өспүрүм үчүн ага экинчи тараптын туура экенин далилдөө - аны ынандыруу дегенди билдирет. Ал эми көндүрүү – кысым көрсөтүү менен барабар.

"Мындай абалда бир нерсе айтканда, бала аны "сен келесоосуң" деп гана угат. Эч ким келесоо болгусу келбейт, демек, ал каршылык көрсөтүп, өз оюнан кайтпай тура берет. Балким, бир канча убакыт өткөндөн кийин ал туура эмес экенин түшүнөт, бирок чыр-чатак учурунда ал өз оюнда калууга аракет кылат. Өспүрүмгө анын туура эмес экенин айтуунун кажети жок. Анын ордуна өз көз карашын түшүндүрүп берүүсүн сураган жакшы. Диалог жана ишеним бардык жерде маанилүү", - деди психолог.

Адис эгер бала гармонияда өссө, ал эмпатиялуу болуп, башка адамдардын көз карашын кабыл алат деп белгилейт. Ал эми бала бурчта туруп бой жетсе, бүт дүйнөгө ачууланып, эч кимди кабыл албайт. Мындайча айтканда, бала үй-бүлөнүн колдоосуна, камкордугуна, көңүл буруусуна жана сүйүүсүнө муктаж.

Балдар ата-эненин күзгүсү. Эгерде ата-эне баласына бир нерсе үйрөтүүгө аракет кылса, ал муну өзүнүн үлгүсү менен, анын ичинде жеке чектерди коюу менен көрсөтүшү керек.

Кайсы учурда психологдун жардамы керек болот?

Баланын түнт болуп калышы - ата-энеге өспүрүм адистердин жардамына муктаж экендигин көрсөтөт. Айталы, анын жүрүм-туруму адаттан тыш болуп же үй-бүлөсүндө эч ким менен байланышпай калса.

"Үй-бүлөдө эч ким менен баарлашпай, бат ачуусу келип, көп уктап, көп жеп, же тескерисинче, тамактанбай, түнт болуп, теңтуштары менен сүйлөшпөй калса, булар ата-эне үчүн кооптуу коңгуроо боуп саналат. Майда-чүйдө нерселерге көңүл буруш керек, балким баладан таблетка, тамеки же башка заттардын таңгактарын байкап калгандырсыз. Жалпысынан ата-эне баласы менен тил табыша албай калганда, үчүнчү жакка, тактап айтканда психологго кайрылууга негиз болуп саналат", - деп белгилейт адис.

Белгилей кетсек, өспүрүм психологго баруудан кескин баш тартышы мүмкүн. Бул учурда, бала ишенген адамды таап, ал адамдан баланы адиске кайрылууга көндүрүүнү өтүнсө болот. Ал адам тууганы, кошунасы, мугалими, машыктыруучусу болушу мүмкүн, эң негизгиси бала ага ишенип жана угушу керек.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (45 статей)
Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору
13 Июль 2024, 13:36
Канткенде ата-эне өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусун алдын ала алат
8 Июль 2024, 12:14
Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?
6 Июль 2024, 14:14
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15741