Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?
RU

Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Позитивдүү маскулиндик коомдогу туруктуу жана дени сак эркектин ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эркек болуу эмнени билдирет деген тар жана терс ойлорду жок кылууга үндөйт. Психолог, гендер боюнча эксперт жана "Борбордук Азияда эркек болуу" китебинин авторлорунун бири Тынчтыкбек Бакытов Kaktus.media сайтына маскулиндик тууралуу маек куруп берди.

Маскулиндик деген эмне

- Орус тилдүү чөйрөдө "маскулиндик" деген терминден тышкары "кайраттуу" деген сөз да колдонулат. Бирок "кайраттуу" түшүнүгү эркектерге гана тиешелүү эмес, ар кандай жыныстагы адамдарда өзүн көрсөтө алуу инсандык сапатка көбүрөөк тиешелүү. Маскулиндик, тескерисинче, салттуу эркек жынысы менен байланышкан сапаттар жөнүндө.

Маскулиндик - бул белгилүү бир мезгилде жана белгилүү бир социалдык чөйрөдө эркек болуу деген эмнени билдирерин аныктаган идеялардын жыйындысы.

Бул белгилүү бир социалдык күтүүлөргө дал келүүлөрдү камтыйт.

"Позитивдүү маскулиндик" түшүнүгү кайдан келип чыккан

Бул түшүнүк "терс таасир этүүчү маскулиндик" түшүнүгүнүн карама-каршысы. Маскулиндик ар дайым өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү катары кабыл алынган, ошондуктан патриархаттык коомдун шарттарында ал терс таасир этүүчү болгон.

Терс таасир этүүчү маскулиндик – агрессивдүү жүрүм-турумга, үстөмдүк кылууга умтулууга, эмоцияларды басууга жана аялуулукту этибарга албоого үндөгөн эркек болуу түшүнүгү.

Позитивдүү маскулиндик - бул маскулиндикке болгон салттуу көз карашты өзгөртүү менен, эркек баланын же эркектин боорукер болуусуна, сый көрсөтүүсүнө жана теңчиликке умтулуусуна жол берүү. Эркектер жаңы маскулиндикке жол ачуу менен күчтүү мамилелер үстөмдүккө, ырайымсыздыкка жана оройлукка эмес, өз ара түшүнүшүүгө жана теңчиликке таянып курулаарын түшүнүшөт.

Терс таасир этүүчү жана позитивдүү маскулиндиктин ортосундагы айырманы түшүнүү маанилүү

Эмоция

Терс таасир этүүчү маскулиндик көбүнчө эмоцияларды басат жана аны "эркектикке жатпайт" деп эсептейт. Мисалы: "Эркек балдар ыйлабайт", "Кызга окшоп ыйлаба", "Эмнеге ыйлап жатасың?" дегендей.

Позитивдүү маскулиндик эркектердин эмпатия жана эмоционалдык ачыктык жөндөмүн кабыл алат жана баалайт.

Мамилелер

Терс таасир этүүчү маскулиндик мамилелерде үстөмдүктү жана көзөмөлдү сактайт. "Мен айттым!", "Эркек башкарат" деген сөздөр менен тааныш болушуңуз керек.

Ал эми позитивдүү маскулиндик теңдикти, сый-урматты жана кызматташтыкты баса белгилейт.

Күч жана агрессия

Терс таасир этүүчү маскулиндик көбүнчө эркектикти физикалык күч жана агрессия менен байланыштырат. "Кел, эркекчк сүйлөшөлү", "Кел, эркекче чечели", "Жүрчү", "Жекеме -жеке" - бул агрессивдүү көрүнүш.

Ал эми позитивдүү маскулиндик чыныгы күч өзүн-өзү башкара билүү, башкаларды сыйлоо жана чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечсе

болорун түшүнөт.

Гендердик ролдор

Терс таасир этүүчү маскулиндик эскирген гендердик ролдорду жана стереотиптерди, мисалы, ашканада эркекке орун жок же балдарды тарбиялоо эркектин иши эмес деген сыяктуу стереотиптерди колдойт. Ошол эле учурда позитивдүү маскулиндик коомдо теңдикке, адилеттикке умтулат.

Позитивдүү маскулиндик салттуу сапаттарды толугу менен четке кагуу эмес, аларды кайра интерпретациялоо.

Жаңы маскулиндикке жол ачуу менен, эркектер бекем мамилелер өз ара түшүнүшүүгө жана теңчиликке негизделгенин түшүнүшөт.

Канткенде терс таасир этүүчү маскулиндик үй-бүлөлүк зомбулукка алып келет

Физикалык катуулуктун нормасы деген түшүнүк бар - бул эркекке байланыштуу стереотип, ага ылайык эркекте физикалык күч жана жогорку биологиялык активдүүлүк болушу керек. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кээде физикалык бекемдик нормасы эркекти зомбулукка түртүшү мүмкүн. Бул социалдык кырдаал агрессивдүү болбоо эркектикке жатпайт деп түшүнгөндө же эркек өзүнүн эркектик сапаты коркунучта же күмөн болуп жатканын сезгенде пайда болот.

Эркектер өздөрүнүн инсандыгына жана социалдык күтүүлөрүнө байланыштуу бир нече себептерден улам зордук-зомбулукка барышат.

Эркектиктин негизги жобосу көбүнчө аялдарга карама-каршы келет, мында эркектер күчтүү жана үстөмдүк кылуучу, ал эми аялдар баш ийүүчү катары каралат. Бул эркектердин үстөмдүк кылуу жана агрессия аркылуу өзүнүн эркектик касиетин көрсөтүү зарылдыгын сезген жагдайды жаратат, өзгөчө, эгерде алар өзүнө ишенбесе.

Эркектердин агрессиясы жана зордук-зомбулук көрсөтүүсү да өзүн-өзү ырастоонун бир жолу болушу мүмкүн.

Өзүн жетиштүү түрдө ишенимдүү сезбеген кээ бир эркектер күчүн жана өзүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн зомбулукка барышат.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, агрессиянын биологиялык негизи жок, бул жерде социалдык тарбия жана күтүүлөр бир топ чоң роль ойнойт.

Эркектер маскулиндикти жоготуу сезиминин ордун толтуруу үчүн агрессивдүү болуп калышы мүмкүн. Зордук-зомбулук теңдикти жеңүү жана үстөмдүк сезимин калыбына келтирүү куралына айланат.

Бул эркектердин агрессиясы жана зордук-зомбулук көйгөйлөрү биологиялык факторлор менен эле чектелбестен, социалдык структураларда жана күтүүлөрдө терең тамыр жайганын тастыктайт.

Балдар маскулиндиктин курмандыгы болуп калбашы үчүн ата-энелер эмне кылышы керек

  • Балдарыбызга жардам берүү үчүн, алар жакындары тарабынан баалуу экенин сезиши үчүн бекем байланыштарды түзүү маанилүү. Балдар сиздин колдооңузга ишенсе, башка адамдардын пикирине жана сөздөрүнө азыраак көңүл бурушат, бул аларды четке кагуу же чыккынчылык сыяктуу эмоционалдык жарааттардан коргойт. Чоңдордун колдоосу оор эмоциялар менен күрөшүүгө жана олуттуу жаракат алуу ыктымалдыгын азайтууга жардам берет.
  • Эгер балаңыз ага зыян келтирген адамдар менен мамиледе болсо, конструктивдүү иш-аракеттерди же альтернативалуу баарлашууну сунуштоо менен бул байланыштарды азайтууга жардам бериңиз. Бала жүрөк ооруткан сезимдерден коргонууга мажбур болбошу үчүн кырдаалды туура жагдайга өзгөртүү маанилүү.
  • Балаңыз менен бардык сезимдер канчалык маанилүү жана алгылыктуу экендиги жөнүндө сүйлөшүңүз. Балдар көбүнчө чоңдордон үлгү алышат, андыктан кээде сиз биринчилерден болуп аялуу болуп көрүнүп, жардам сунушташыңыз керек. Бала башынан өткөн окуяларды дайыма эле айта бербейт, андыктан кунт коюп, ачык болуу маанилүү.
  • Балаңызды позитивдүү эмоциялары менен бөлүшүүгө үйрөтүңүз, бул ага сизге жакын болууга жардам берет жана сезимдери күчтүү болсо да, ачылууга үйрөтөт. Аны уятка калтырбаңыз жана кемсинтпеңиз, анткени бул анын башынан өткөндөрүн гана эмес, кубанычын да бөлүшүүгө тоскоол болушу мүмкүн.
  • Колдооңыз жана кайгырууга жол бериңиз. Балдар кайгырганда "ыйлаба" деп айтпаңыз же кайгылуу окуяларга "туура" реакцияны талап кылбаңыз. Жөн гана жанында болуңуз жана аларга кайгыны ар кандай жол менен билдирүү жакшы экенин айтыңыз. Балдарга ыйлап ал же баары жакшы болот деп айтуунун кереги жок. Жөн гана алардын сезимдерин кабыл алуу маанилүү, калганын табият өзү аткарат. Көз жашы керек болсо өзүнөн-өзү чыгат.

Биз үчүн эркек балдарга өзгөчө таасир этүүнүн кереги жок, алар менен болгон мамилебизди бекемдөө маанилүү. Биздин колдоо аларга бизден эмоционалдык колдоо табууга жардам берет.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (55 статей)
Балдар буллинг тууралуу коркпостон кабарлай алчу коопсуз чөйрөнү кантип түзүү керек
3 Сентябрь 2024, 09:20
Буллинг менен эмне кылуу керек? Ата-энелер жана педагогдор үчүн кеңештер
27 Август 2024, 08:31
Жыныстык катнаш тууралуу бул мифтерге ишенгенди токтотуу керек
26 Июль 2024, 11:46
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16792