Call-борбор: Эл ичип жаткан сууну мал да ичпейт дейт окурман
RU

Call-борбор: Эл ичип жаткан сууну мал да ичпейт дейт окурман

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунундагы Шерали, Бөрүлүк айылдарындагы тургундар ылай суу ичип жатканын айтышып Kaktus.kg редакциясына кайрылышты.

Жергиликтүү тургундардын бири кандай суу ичип жатышканын видеого тартып жөнөткөн.

"Кара-Суу районундагы Шерали, Бөрүлүк айылдарынын тургундарынын ичип жаткан суусу ушундай. Биздин айылдарга суу Отуз-Адыр каналынан келет, лотоктон агып жаткан сууну тундуруп ичебиз. Кышында суу бир аз тазарат. Калган учурда ушундай ылай суу агып келет. Азыр бул сууну мал дагы ичпейт, жыттап-жыттап кетип калат.

Коңшу айылдарга таза суу чыгарылып берилген, ушул эки эле айыл калды. Өкмөт башчылар суу маселесин чечип беребиз дегенден бери 10 жыл өтүп кетти окшойт. Жогоруда отургандар ушуну көзөмөлгө алып, сунуштарды киргизсеңер... Болбосо айыл эли деле акча чогултуп берели, таза суу чыгарып берсеңер чоң соопко калмаксыңар", - дейт Бөрүлүк айылынын тургуну.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13734