Эркиндикке чыккан Адахан Мадумаров: Менде күрөшкөнгө убакыт бар
RU

Эркиндикке чыккан Адахан Мадумаров: Менде күрөшкөнгө убакыт бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыкты. Саясатчынын камактагы мөөнөтү Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен аяктаган.

Абактан чыккан Мадумаров бул кылмыш иши аны депутаттык мандатынан ажыратуу максатында козголгонун билдирди.

"Мен өкүмдү 16-апрелде гана алдым. Демек, менде күрөшкөнгө убакыт бар. 8 айдан берки жасалып жаткан кыймыл-аракеттин баары Кыргызстанды дүйнөгө маскара кылып бүттү. Бул убакыт аралыгында бийлик өлкөдө мыйзамдар менен Конституция иштебей турганын далилдеп койду", - дейт Мадумаров.

Эске салсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров былтыр 2-сентябрда камакка алынган. 2009-жылдагы протоколго ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айып тагылган.

Кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын кассасынан 50 миң доллар алган деп айыпталган. 26-октябрда Мадумаров ооруканага которулган. 3-ноябрда кайра СИЗОго которулган.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровдун ишин карап, "мамлекетке чыккынчылык" жана "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу депутатты жазадан бошоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16035