Call-борбор: Тротуар салуу үчүн бактарды кыйып жатышат дейт окурман. Мэриянын жообу
RU

Call-борбор: Тротуар салуу үчүн бактарды кыйып жатышат дейт окурман. Мэриянын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясынын Call-борборуна окурман кайрылып, Бишкектеги ботаникалык бактын айланасына тротуар төшөө үчүн чоң дарактарды кыйып жатканын айтты.

"Канча жылдык даракты кыйып салышты окшойт. Адатта мындай дарактарды сактоого аракет кылышат", - дейт окурман.

Кийинчерээк редакцияга "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын жумушчусу чоң даракты кыйып жаткан видеону жөнөттү. Анда дарак курап бараткандай көрүнөт.

Бүгүнкү күндө Бишкектин ар кайсы райондорундагы ондогон тротуарлар оңдолууда. Калаа тургундарына кам көрүү жагымдуу болгону менен жашыл бак-дарактарды кыйып салууга алар кабатыр болушууда.

Бул билдирүүдөн кийин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы "Бишкек жашыл чарба" ишканасына шилтеме берүү менен билдиргендей, көрсөтүлгөн даректе тротуарларды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. "Видеодо көрсөтүлгөн дүмүрлөр куураган, авариялык дарактардыкы. "Бул авариялык дарактарды бузуу боюнча актылар бар", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/13813