Эмне үчүн Samsung телевизор рыногунда 17 жылдан бери алдыңкы орунда турат?
RU

Эмне үчүн Samsung телевизор рыногунда 17 жылдан бери алдыңкы орунда турат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Samsung 17 жылдан бери телевизорлорду сатуунун көлөмү боюнча тизменин сап башында турууда. Omdia изилдөө компаниясынын маалыматы боюнча, 2022-жылы Samsungдун 75 дюймдук жана 80 дюймдук диоголалындагы телевизорлорунун рыноктук үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша 36% жана 43% түзгөн.

Дүйнөдө Samsung телевизоруна болгон суроо-талаптын жогору болуусунун себеби эмнеде?

Мунун сыры сүрөттөлүшүнүн жана үндүн жогорку сапатында эле эмес, бренддин башка негизги артыкчылыктарында катылган.

Эң негизги артыкчылыктардын бири – бул колдонуучулардын жеке маалыматтарын жана контентин коргогон Samsung Knox коопсуздук платформасында. Samsung Knox Smart - телевизорлор үчүн оптималдаштырылган күчөтүлгөн коргоону камсыз кылуу үчүн Samsung Smart TVнын бардык линиясында интеграцияланган. Коопсуздуктун күчөтүлгөн деңгээлине жараша Samsung компьютердик продукттарды коргоо функциясынын сертификациясын тааныган эл аралык стандарты болуп саналган Common Criteria стандарты боюнча үч жыл катары менен сертификацияны өткөн түзүлмөгө ээ компаниялардын тармагында билинчилерден болгон. Knoxтун жардамы менен колдонуучулар Samsung телевизорлору маалыматтардын чыгып кетишинен ишенимдүү корголгондугуна ишене алышат.

Мындан сырткары бир нече аспекттерде берилген Samsung телевизорлорунун экологиялык жактан тазалыгы да башкы ролду ойнойт: экотаңгакталган жана кайра иштетилген материалдардан жасалган күн батареяларын колдонуу. Samsung телевизорлору табигый жана жасалма жарыктандыруунун жардамы менен же USB аркылуу толук кубатталган күн батареялары менен аралыктан башкаруу пульту менен жабдылган. SolarCell Remote пультунун инновациялык технологиясы телевизорлорду 7 жыл бою пайдаланууда АА тибиндеги 99 миллион батареяны бош бойдон которууну алдын алууга мүмкүндүк берет.

Үч жылдан ашык убакыттан бери телевизордун таңгагы кайра иштетилген картондон, эң аз сыя басылып, металл скобасы кагаз ленталарына алмаштырылып жасалууда. Кайра иштетилген материалдарды колдонуу – Samsungдун экологиялык зыянын азайтуунун бир жолу.

Samsung компаниясы ошондой эле өндүрүүдөн утилдештирүүгө чейинки өнүмдүн жашоо циклиндеги көмүртектин изин үзгүлтүксүз азайтууга жумшаган аракети үчүн Carbon Trust сертификатына ээ болгон. Samsungдун 11 телевизору 2022-жылы аппараттардын салмагын жана колдонуудагы энергияны керектөөсүн азайтуусунун аркасында сертификаттарга ээ болушкан. Алардын ичинде Neo QLED 8K, Neo QLED 4K, QLED, Crystal UHD моделдери жана интерьер телевизорлору бар.

Бул чечимдер жана функциялар Samsung телевизорун инновациялык технологияны гана эмес, социалдык жоопкерчиликти да баалаган колдонуучулардын эң мыкты тандоосуна айлантты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/14582