"Дордойдогу" ишкерлер бир нече күндөн бери патент төлөй албай, убара тартканын айтышат
RU

"Дордойдогу" ишкерлер бир нече күндөн бери патент төлөй албай, убара тартканын айтышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дордой" базарындагы ишкерлер патент төлөөдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтышып Kaktus.kg редакциясына кайрылышты.

Алардын айтымдарында, "Дордой" базарынын администрациясындагы Салык кызматынын бөлүмүндө 2 эле кызматкер тейлөө көрсөтүп жатат. Мындан улам узун кезек жаралып, соодагерлер кассага акча төлөөгө жетишпей, эртеси күнү да келүүгө мажбур болушууда.

Ишкерлерди нааразы кылган жагдай - Салык кызматы тарабынан берилген коддун жарамдуулугу бир эле күн деген чектөөдө.

"8-январдан баштап Салык кызматынын базардагы бөлүмүндө ушундай көрүнүш болуп жатат. Патентке код алуу үчүн алгач Салык кызматынын бөлүмүнө кезекке турсак, андан кийин кассага кезек күтүп жатабыз. Код алып, бирок кассага акча төлөөгө жетишпей калгандар эртеси күнү кайра башка код алууга туура келип жатат. Жок дегенде Салык кызматы тарабынан патентке берилген код 3 күнгө жарактуу болсо мындай баш аламандык болбойт эле. Анан дагы кызматкерлердин санын көбөйтүп койсо соодагерлер убара болбойт элек", - дейт ишкерлердин бири Руслан Нуркалый уулу.

Ишкерлер ушул маселеге тиешелүү мекеме көңүл бурса деген өтүнүчтөрүн айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15315