Орхан Инанда баш болгон түрк жарандарына паспорт берүүгө айыпталгандарга өкүм чыкты
RU

Орхан Инанда баш болгон түрк жарандарына паспорт берүүгө айыпталгандарга өкүм чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орхан Инандага жана башка 10 түрк жаранына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берүүгө айыпталган Алмазбек Атамбаевдин президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, УКМКнын экс-жетекчиси Бусурманкул Табалдиев жана КР президентине караштуу жарандыкты берүү боюнча комиссиянын катчысы Эрнис Апилов акталды. Бул тууралуу Kaktus редакциясына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Биринчи Май райондук сотунун 18-марттагы өкүмү менен:

  • Бусурманкул Табалдиев күнөөсүз деп табылды. Анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Ал 336-берененин 1-бөлүгү боюнча (Жазык процессинин катышуучуларына карата коопсуздук чаралары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу), 43-берененин 4-бөлүгү, 319-беренин 2-бөлүгү (Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу уюмдун кызыкчылыгында же башка оор кесепеттерге алып келген коррупция);
  • Фарид Ниязов "Коррупция" беренеси боюнча күнөөсүз деп табылган жана анын аракеттеринде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу акталган;
  • Эрнис Апилов "Коррупция" беренеси боюнча кылмыштын курамы жок болгондуктан сот тарабынан акталган.

Мындан тышкары сот акталган Табалдиев, Ниязов жана Апилов реабилитацияга укуктуу деп табылганын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин укук коргоо органдары Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовго дагы бир кылмыш ишин козгогон. Алар 2016-жылы Түркиянын он жаранына Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз берген деп айыпталган. Кылмыш иши Түркия бийлиги Орхан Инанди ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнө Кыргызстандын жарандыгын алууга жардам бергенин билдиргенден кийин гана ачылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15755