Кочкор-Атадагы ата, баланын кармалышы боюнча Улуттук борбор прокуратурага кайрылат
RU

Кочкор-Атадагы ата, баланын кармалышы боюнча Улуттук борбор прокуратурага кайрылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Кочкор-Атадагы ата, баланын кармалышы боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Себеби кармоо учурунда катаал мамиле жасалган деп эсептейт аталган борбордон.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнү жана анын уулун камакка алуу учурунда ашыкча физикалык күч колдонууну катаал мамиле катары бааласа болот дешет улуттук борбордон.

Аталган кызмат прокуратурага төмөнкүдөй кайрылуу жасайт:

  • милиция кызматкерлери тарабынан кармоо учурунда ден соолукка атайылап зыян келтирүү;
  • бейбаштыкка шектелген адамды кармоо үчүн тартылган күчтүн (атайын күчтөрдүн тобунун) пропорционалдуу эместиги.

Белгилесек, 27-мартта Кочкор-Атадагы базардын аймагында бейбаштыкка шектелген жаранды кармоо учурунда күч колдонулган. Облустук милициядан шектүү мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, каршылык көрсөткөндүктөн күч колдонулганын билдирген. Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы окуяга аралашып, кызматкерлерди чуркап келип тээп жиберген. Күч кызматкерлери ата, баланы кармап, тергөөгө алып кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15823