Абактагы киши Оштун тургунун 2 млн сомго алдап кеткенге шектелди
RU

Абактагы киши Оштун тургунун 2 млн сомго алдап кеткенге шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМ кызматкерлери Жаза аткаруу кызматы менен биргеликте өткөргөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында алдамчылардын тобу аныкталды. Министрликтен билдиришкендей, абакта жаткан адам алдамчылык кылган.

Ош шаарынын тургуну А.Ш. 2024-жылдын январь айында милицияга арыз менен кайрылып, 1 млн 900 миң 176 сомду түзгөн 462 коробка тооктун жумурткасын алдамчылык жолу менен ээлеп алган адамдарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча Базар-Коргон РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 209-берене (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы тергөө абагында жаткан А.А. аттуу жаран Т.Т. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп, жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтөбүз деп алдамчылык жолу менен Сокулуктан Ош шаарына жумуртка жеткирүүгө буюртма алышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, жогорудагы эки адам жумуртканы Сокулук районундагы өндүрүүчүдөн алып, Базар-Коргон районуна алып барып сатып, акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Табылган толук кандуу далилдердин негизинде абакта жаткан А.А`га алдамчылык боюнча айып тагылды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда жана кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/15829