Генерал-майор Курсан Асанов ага ким жана эмне үчүн кылмыш ишин козгогонун айтып берди
RU

Генерал-майор Курсан Асанов ага ким жана эмне үчүн кылмыш ишин козгогонун айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум уланды.

Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучулардын – ИИМдин экс-жетекчисинин орун басары Курсан Асановду, анын уулу, "Чындык" гезитинин мурдагы редактору, азыркы "Учкун" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Мухаммед-Али Асановду күнөөлүү деп табууну суранышты. Ошондой эле прокурорлор кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен "Чындык" гезитинин мурдагы редактору Турсунбек Бейшенбековду жана айдоочу Дамирбек Пайзылда уулун жоопкерчиликтен бошотууну суранды.

Айыпталуучулардын жактоочулары алардын кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен акталууга тийиш деп эсептешет. Мындан тышкары жактоочу Таалайкүл Токтакунова айыпталуучунун реабилитациялануу укугун таанууну өтүндү.

Курсан Асанов өзү тараптар ортосунда кан төгүлбөш үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин билдирген.

"Тергөө бир тараптуу жүргүзүлдү. Мага коюлган айып жомок. Мен муну саясий буйрутма менен байланыштырам. Кылмыш иши буга чейинки бийликке жагыныш максатында козголгон деп эсептейм. Жетекчинин мурдагы орун басары менен түз байланышы бар. Президенттик аппараттын өкүлү Алмамбет Салиев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери - ИИМдин экс-жетекчиси Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын жетекчилери Орозбек Опумбаев, ошондой эле экс-башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кылмыш иши козголгон эмес. Иш мага эле эмес, менин жакындарыма да козголду", - деп түшүндүрдү Асанов.

Ал соттон адилеттүүлүктү жана толук акталышын талап кыларын баса белгиледи.

Дамирбек Пайзылда уулунун кызыкчылыгын коргогон адвокат Тимур Султанов коргоочусу Курсан Асановго жана башкаларга каршы көрсөтмө берүүгө аргасыз болгонун белгиледи. Анын айтымында, тергөө айыпталуучуга кысым көрсөткөн.

"Сот адилеттүү жана мыйзамдуу өкүм чыгарышы керек. Бул иш боюнча кылмыш ишинин эч кандай перспективасы болгон эмес, бирок бул тергөөнүн максатына жетүү, башкача айтканда Курсан Асановго айып коюу куралы болгон. Тергөө учурунда менин кардарым Пайзилда уулунун укугу бузулган", -

деди Султанов.

Эске салсак, Курсан Асанов 2011-жылдын апрелинен 2019-жылдын 13-августуна чейин ички иштер министринин орун басары болгон. Асанов "Кой-Таш окуясынан кийин кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатып, ишенимди жоготкон" деген негизде кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кызматынан бошотулган.

Ал отставкага кетүү боюнча комментарий берип жатып "өзүн өлкөнүн жана абийиринин алдында таза" деп эсептей турганын билдирген.

Социалдык тармактарда кызгылт түстөгү пакет тартылган чагымчыл видео тараган. Пакет 8-августта Асанов менен Атамбаевдин сүйлөшүүлөрү учурунда жанында турган.

Ошондой эле кылмыш ишинде Курсан Асановдун "камактагы баласы" – "Чындык" гезитинин мурдагы башкы редактору, "Учкун" басмаканасынын азыркы директорунун орун басары Турсунбек Бейшенбеков, ошондой эле Асановдун уулу Мухаммед-Али, жана да Курсан Асановдун жансакчысы - Дамирбек Пайзылда уулу да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/11273