2 жашар өгөй баласын тынымсыз сабаган жаранды сот эки жылга пробацияга бошоткон. Себеби
RU

2 жашар өгөй баласын тынымсыз сабаган жаранды сот эки жылга пробацияга бошоткон. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өгөй баласын тынымсыз сабаган кишини Жогорку сот эки жылга пробацияга бошотуп, буга чейин райондук жана облустук соттун беш жылга эркинен ажыратуу чечимин жокко чыгарган. Жогорку соттун судьялары бүгүн, 14-майда чечим жөнүндө түшүндүрмө берди.

Эске салсак, буга чейин Сокулук районунун соту эки жаштагы өгөй баласын тынымсыз сабап келген Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткан болчу. Облустук сот да бул чечимди өзгөртүүсүз калтырган. Андан соң, соттолгон Александр Самаркиндин жактоочулары Жогорку Сотко кайрылган эле. Буга ылайык, 13-июнда Жогорку сот Сокулук районунун сотунун чечимин жокко чыгарып, эки жылга пробацияга бошоткон. Бул коомчулукта жана депутаттар арасында ар кандай сын-пикирди жаратып, эл өкүлү Айсулуу Мамашева бул маселени көтөргөн.

14-майда маалымат жыйынга келген Жогорку соттун судьялары эки жаштагы Егордун денесинде Самаркин сабаганга чейин эле тактар бар болчу деди. Коссациялык сот Самаркин баланын денесине оор жаракат алып келбесе, эмнеге соттошубуз керек дейт. Себеби, эки жаштагы баланын оор жаракаттары боюнча өзүнчө иш козголгон эмес.

"Пробация деген адам жазадан бошотулат дегенди билдирбейт. Жазанын бул түрү өтө катаал милдеттенмелерге ээ. Мисалы, айыпталуучу өлкөдөн чыга албайт, айына эки жолу тиешелүү органдарга барып, каттоого турушу керек. Ал эми бул шарттарды бузса, убактылуу кармоочу жайга киргизилет", - деди КР Жогорку сотунун судьясы Качыке Эсенканов.

Анын айтымында, Александр Самаркинге анча оор эмес кылмыш жасаган деген айып тагылган. Мыйзам боюнча бул судьялар жасаган пробациялык көзөмөлдү колдонууга жол берет.

Жогорку соттун өкүлү, эгерде мурда билинбеген жаңы жагдайлар ачылса, аталган иш кайра каралышы мүмкүн дейт. Ал эми бул чечим кайра даттанууга жатпайт.

Буга чейин Сокулук райондук соту судья Манасбек Кулмурзаевдин төрагалыгы алдында соттолуучу Александр Самаркинди КР Кылмыш-жаза кодексинин "кыйноо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы Самаркиндин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз – беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Эки жаштагы Егор катуу сабалган. Баланы ооруканадан чоң энеси алып кеткен. Бул иш боюнча айыпталуучу катары Александр Самаркин кармалган. Егордун апасы Алена Чумакова соттолуучуну колдоп көрсөтмө берип, кийин Самаркинден корккондуктан ушундай кадамга барганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16155