Өзгөчө үлпөт кортеж. Жаш жубайлар трактордун калагына түшүп алып ЗАГСка келишкен (видео)
2051
Социалдык тармактын колдонуучулары Жалал-Абад облусунда өткөн үлпөт тойдун видеосун чыгарышкан. Анда жаш жубайлар трактордун калагына түшүп алып ЗАГСка баратканын көрсө болот.
Кадр артындагы үн, болуп жаткан окуяга комментарий берип: "Карагылачы, мынакей, Ак-Жол айыл өкмөтүндө турат элек, конокто көрдүңөрбү? Жаштар азыр чоңдордун машинесин чанып, айылдык техника менен эле ЗАГСка баратышат", - деп айтып берет.
Бул кадрлар Жалал-Абад облусунун, Аксы районундагы Ак-Жол айыл өкмөтүндө тартылган.
Белгилей кетсек, видеону Instagram'га Shtraf_kg баракчасы жарыялаган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/1225