Кыргыз оюнчулары көк пардан уткан байгесин ала элек. Чуу жараткан оюн тууралуу маек
RU

Кыргыз оюнчулары көк пардан уткан байгесин ала элек. Чуу жараткан оюн тууралуу маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Казакстандын Астана шаарында 8-13-сентябрь аралыгында өттү. Анда көпчүлүк күткөн мелдештердин бири - көк бөрү менен жер улак (көк пар) болду. Бирок көк пар боюнча финалдык оюн нааразычылык менен коштолуп, жеңиш талаа ээлерине буюрду.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов мелдештер, жыйынтыгы жана оюнчулар тууралуу Kaktus.kg cайтына маек курду.

Көк пар оюнунун жыйынтыгына жалпы казак элинин тиешеси жок

- Көк бөрү оюнун Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы, ал эми көк парды Казакстандын федерациясы өткөрдү. Көк бөрү оюну тартип, эреже жагынан аябай жакшы, адилетүү өттү, кооз оюндар болду. Ал эми көк пар боюнча айтсам, биз көк парга да аябай даярданып барганбыз. Мыкты оюнчуларыбыздын 60-70% көк пар оюнуна чыгышты. Аргымактардын да мыктыларын көк пар оюнуна чыгарганбыз. Жыйынтыгын баары эле көрдү. Оюн талаасындагы көрүнүш бир канча эле адамдын - көк пар системасындагы адамдардын иши болду. Бирок жалпы казак элинин эч кандай тиешеси жок.

Жыйынтыкты өзгөртүү үчүн эч жерге кайрылган жокпуз, актанган жокпуз. Өзүбүз үчүн анализ жасап чыктык. Оюндагы каталарды, эреже бузууларды жокко чыгарсак Кыргызстан 5:1 эсебинде таза утту. Атаандаштар 14-15 одоно эреже бузду. Биринчи бөлүктө 4 жолу, экинчи бөлүктө 6, жекеме-жекеде да эреже бузушту. Эгер бизде өткөн мелдеште ушул эле эреженин бирөө катталса, оюн аябай талаш-тартыш болмок.

Көк парга чыккан оюнчуларыбыз камчы салганда күчтөнгөнүн айтышты

- Эреже бузуулар катталганына карабай оюн улантылды. Бул үчүн жетекчилерди айыптап жатышат. Биз биринчи бөлүктөгү эреже бузуудан кийин оюнду токтотуп, жетекчилер калыстарга кайрылды. Мен башка жакта тургам, оюнду токтотпой эле койбойсуңарбы, мунун баары эле күтүлүп жатпады беле дедим. Бирок камчы салганын көрбөй калгам. Жетекчилер бул бирөөнүн тою эмес, бирөөнүн атасынын ашы эмес, бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, миллиондогон күйөрмандар көрүп турат деп адилеттүүлүктү талап кылышты. Оюн 35 мүнөткө токтоду. Бирок бизге бир дагы видеоматериалды кайталап көрсөтпөй туруп алышты. Жакшы адамдар да бар. Коопсуздук кызматкери башкы калыска келип "Чечип бер, болбосо камаласың" деди. Анткени күйөрмандар дагы нааразы болуп жатышкан. Кыргызстандан атайын көк парды, көк бөрүнү көрөбүз деп баргандар отурган. Казак тарап студенттерди алып келиптир, алар эмнеге келгенин деле билишпейт, баары жаш. Ошол жерден эки тарап кагылышып кетип, бейкүнөө жаштар жаман акыбалга калбасын деп айкөлдүк кылдык. Тарбиялуу элдин уулдары катары майдаланбай, элдин кызыкчылыгы үчүн оюнду уланталы деп акылдаштык.

Эки элдин достугу оюндан да артык болгондуктан кайра улантууга мажбур болдук. Эгер ошол жерен кетип калганда жаман абал жаралмак. Мен ойлойм, туура чечим болду деп. Бирок 12 мырзабызды жаман ишке салып берип койдук. Ал үчүн көк бөрүчүлөрбүздөн кечирим сурайм.

Биздин оюнчулар "оюнду токтотпой эле койбойт белеңер, бизди камчылаган сайын биз күчтөнүп жатпайлыбы" дешти. Көк бөрүчүлөрдү журналисттер, блогерлер жана башкалар баатыр деп койсо чычалай берчүмүн. Баатыр болуш үчүн көптөгөн сыпат керек деп. Ошол жактан оюнчуларыбыздын баатырдык сыпаттары бар экенин көрдүм.

Кыргыз оюнчулары көк пардагы байгесин ала элек

Көк пар беттешинен кийинки сыйлоо аземинде кыргыз оюнчулары аягына чейин күтпөй кетип калышты. Алардын акыбалын теледен көргөндөр эле канча күйдү. Ал эми окуяны көргөн, сезген мырзаларга жакшы мамиле кылгыла деп айта алган жокпуз. Туура эмес кылдыңар деп айтканга менин моралдык укугум деле жок. Оюнчулар "мынчалык болот деп күткөн эмеспиз, бардык жагынан чектен чыгышты" дешти. "Сый көрсөтүп коюшса болмок" деген сындар коңшу тараптан алып караганда орундуу эле. Биз тараптан оюнчуларыбыздын акыркы аракеттерине эч кандай көрсөтмө берген жок.

"Алардын аракетине чара көрүлүш керек" дешти, мен айтат элем, тескерисинче көк парды, казактарды уят кылган жамаатка чара көрүлсө.

Себеби, мындай аракеттерди жасагандарды жазасыз калтырып койсо, жакшылыкка алып барбайт. Эч качан бир тараптуу болбош керек. "Байге эле керек" деп сындашты, бүгүнкү күндө оюнчулардын байгеси федерациянын эсебине түшө элек.

Көк бөрүчүлөргө жарандык сунуштайбыз дегендер болду

- Мелдеш учурунда бир эле биз эмес, башка өлкөнүн курамалары деле нааразы болушту. Кээде чындык да керек, мына АКШдан келген оюнчулар нааразы болушту. Казакстан менен беттеш өткөргөндө команданын капитаны камчыланыптыр. Сүрөтүн да көрсөттү. Алар мындан кийин көк бөрү ойнойбуз деп калышты. Түркиялыктар да көк бөрү ойнойбуз, балким, алдыда силердин мыкты оюнчуларыңар менен жарандык маселелерин сүйлөшөбүз деп кетишти. Россиядан келгендерди айтсак, арасында кыргыздар бар деши мүмкүн. Бирок капитаны Сергей дагы мындан ары көк бөрү ойнойбуз деп кетти. Өзбекстан ачык позициясын билдирген жок, бирок кыргыз тарапка ыраазы болду. Биздин федерация 4 мамлекеттин курамасына Кыргызстандан атайын даярдалган аргымактарды алып барып, жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүүсүнө себеп болду. Алар дагы тайказан сонун экен дешти. Анткени Казакстандын Көк пар федерациясы аларга малга минген аттарын берип, 16:0 эсеби менен утуп алышты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары казак тарап үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгон. Көк пар дагы тайказанга атаандаш боло ала турган оюн экенин көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мен ойлоп калдым, көк пардын келечеги тууралуу ойлонгон, иштеген адистер жок окшойт. Себеби, бардык кемчиликтерди жоюп, тартипке чакырыш керек эле. Бирок мелдештерде биз андайды байкаган жокпуз.

Америкалык оюнчулар утулганда көзүнө жаш алышты

- Көк бөрү мелдешинде 3 оюн жогорку деңгээлде өттү. Бул Түркия менен АКШ командаларынын оюну. Америкалыктар утулуп калып ыйлашты. Элестетсеңиз, эгер бул спорт кызык эмес болсо ыйлашат беле? Ошол эле учурда түрктөр утуп алып, талааны айланып сүйүнгөнү - бул спорт алар үчүн кызык дегендин белгиси. Россия менен Өзбекстандын оюну ушунчалык кызык болду, баарыбыз берилип көрдүк. Уткан тарап көккө жетип сүйүнсө, утулган тарап - Өзбекстан "кийинкиде утабыз, 2026-жылга даярданып келебиз" деп калышты. Демек, бул өнүгөт деген сөз.

Биримдик кубогу мамилени түздөө үчүн уюштурулууда

- Казакстандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалына чыккан көк бөрү жана көк пар курамаларын Биримдик кубогуна чакырдык. Бул акыркы окуядан кийинки мамилени түздөө аракети. Негизи буга мен каршы болду. Бирок арабыздан "ушуну менен токтоп калбаш керек, өнүкпөй калат, уланталы, чакыралы" дегендер болду. Расмий түрдө чакыруу берилди. Эми көрөбүз, келет, келбейт. Божомолдор көп, бирок биздин божомол болбой жатпайбы. Бирок айтарым, Казакстандын көк пар системасындагы адамдарды коомчулугу, интеллигенциясы тарбиялабаса аябай чектен чыгып кетиптир.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/17373